Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Координациялык кеңеш бардык күчтөрдү мыйзам жолуна түшүүгө чакырууда


Ак үй. 6-октябрь, 2020-жыл.
Ак үй. 6-октябрь, 2020-жыл.

Координациялык кеңеш Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы парламентти кезексиз жыйынга чакырып, өкмөттү кызматтан кетирүүгө үндөдү. Бул тууралуу кеңештин жетекчиси Адахан Мадумаров журналисттерге билдирди.

"Бизге азыр эң маанилүүсү - мыйзам жолуна түшүүбүз керек. Ошондуктан, биз Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышындагы депутаттарын өкмөттү кызматтан кетирип, парламенттин жаңы жетекчилигин шайлоого жана Элдик өкмөттү куроого чакырып жатабыз. Анткени, Жогорку Кеңеш бекиткен өкмөт жалгыз легитимдүү бийлик болот".

Мадумаров бир катар саясий партиялар, саясий күчтөрдүн жогорку кызматтарды ээлөө аракеттерин сынга алып, бардык күчтөрдү мыйзам жолуна түшүүгө чакырды. Анын айтуусунда азыр кресло талашуудан мурун мыйзамдуулукка жетүү маанилүү.

Ал партиялардан түрдүү сунуштар айтылып жактанын белгилеп, басып алуу аркылуу башкаруудан мыйзамдуу иштөөнүн айырмасы чоң экенин баса белгиледи.

Буга чейин Башкы прокуратураны "Чоң казат" партиясынын лидери Сыймык Жапыкеев көзөмөлгө алганы, Жоошбек Коеналиев аттуу жаран Бишкек шаарында элдик мэр деп жарыяланганы, Саламаттык сактоо, Маданият министрликтери өңдүү мамлекеттик структураларга жаңы жетекчилер барганы тууралуу маалыматтар тараган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG