Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:18

Кремль: Кыргызстандагы окуялар тынчсыздандырууда


Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков өткөн айдын аягында Сочиде жолугушкан.
Владимир Путин менен Сооронбай Жээнбеков өткөн айдын аягында Сочиде жолугушкан.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Кыргызстандагы соңку окуялар тууралуу комментарий берди. Ал шейшембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, саясий каатчылык чукул арада конституциялык талаанын алкагында жөнгө салынат деп үмүттөнүшөрүн айтты:

"Биз албетте тынчсызданып жатабыз жана Кыргызстандагы бардык саясий күчтөр конституциялык алкактан чыкпай, эркин көрсөтүп, тез аранын ичинде бул кырдаалдан чыгуунун жолдорун табат деп үмүттөнөбүз".

Песков ошондой эле Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салуу өлкөдөгү жарандардын ички саясий диалогунан көз каранды экенин белгиледи. Ал "Москва мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдошу мүмкүнбү?" деген суроого "Кыргызстандын президенти - Сооронбай Жээнбеков" деп жооп берди. Песков Путин менен Жээнбеков телефондон сүйлөшпөгөнүн бышыктады.

Өткөн айдын аягында Сочиде Путин менен Жээнбеков жолуккан.

Бишкекте 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин каршылык акциясы өтүп, ал калайман башаламандыкка айланган.

6-октябрга оогон түнү демонстранттар Ак үйдү, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратын басып алышкан жана мурдагы проезидент Алмазбек Атамбаев баштаган камактагы саясатчыларды бошоткон. Тополоңдо ондогон адамдар жараат алып, бир киши каза болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков 6-октябрда "YouTube" аркылуу видео кайрылуу жасап, соңку окуяларды шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалады.

XS
SM
MD
LG