Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

«Адилет»: премьер-министрди көрсөтүүдө мыйзамдын жоболору бузулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Адилет» укуктук клиникасы 6-апрелде «Достук» мейманканасында өткөн жыйында Конституциянын бир нече беренеси бузулганын жарыялады. Клиниканын сайтында жарыяланган документте премьер-министрди кызматтан алуу жана көрсөтүү жоболору бузулганы жазылган. Конституциянын 87-беренесине ылайык, премьер-министрдин кызматтан кетүү жөнүндө арызын президент кабыл алат же четке кагат. Буга чейин Кубатбек Бороновдун премьер-министрликтен кеткени расмий жарыяланган жок жана анын кызматтан алуу тууралуу арызы эч бир жерге чыккан жок.

Конституциянын 84-беренесине ылайык, премьер-министрликке талапкерди Жогорку Кеңештеги коалиция көрсөтөт.

Ошондой эле клиниканын юристтери өкмөт башчылыкка талапкерди сунуш кылуу боюнча тийиштүү комитеттердин корутундусу жок экенин белгилешкен.

Конституциянын 76-беренесине ылайык, премьер-министрликке талапкерге Жогорку Кеңештин макулдук бериши үчүн тийиштүү комитеттеринин корутундусу керек.

Парламенттин чукул жыйынын чакыруу боюнча «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө» мыйзамдын бир нече беренеси бузулганы да билдирүүдө айтылган.

6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйын чакырыш үчүн кол топтоп, эки жерде чогулушкан. «Достук» мейманканасында чогулган бир нече депутат катышкан жыйынга VI чакырылыштын вице-спикери, «Мекеним Кыргызстан» партиясынын лидери Мирлан Бакиров төрагалык кылып, Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековдун жана өкмөт башчы Кубатбек Бороновдун өз кызматтарынан ыктыярдуу кетүүнү суранган арыздарын тааныштырып, жаңы өкмөт башчы жана спикерди дайындоо процедурасы жүргөн.

Ага ылайык Жогорку Кеңештин VI чакырылышына спикер болуп Мыктыбек Абдылдаев жана өкмөт башчылыгына Садыр Жапаров сунушталган.

Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүнө каршы «Реформа» саясий партиясынын өкүлдөрү, «Баштан башта» кыймылынын мүчөлөрү баштаган топтор Ала-Тоо аянтына митингге чыгышты.

XS
SM
MD
LG