Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттарынын жолугушуусу өтүп жатат


Бишкекте алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттары жолугушуу өткөрүүдө. «Азаттыктын» ишенимдүү булагы кабарлагандай, жолугушууга 6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү төрага катары жарыялаган Мыктыбек Абдылдаев жана ал жыйынга катышпаган депутаттар, айрым саясий партиялардын лидерлери катышып жатышат. Жыйында учурда жаралган саясий кризистен чыгуунун жолдору, парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу боюнча маселелер талкууланууда.

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу учурда Жогорку Кеңештин кийинки кезексиз жыйынын өткөрүү боюнча фракция лидерлери менен консультациялар жүрүп жатканын ырастады. Ал Жогорку Кеңештин имараты учурда жараксыз абалда болгондуктан, аны калыбына келтирүү аракети башталганын кошумчалады.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон соң саясий кризис жаралды. Добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгаруу жөнүндө талап менен башталган митингдер башаламандыкка айланган. 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик администрациянын имаратын ээлеп алышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Жээнбеков Бишкекте экени айтылганы менен учурда ал эл алдына чыга элек.

Андан бери өлкөнү мыйзам алкагына кайтарыш үчүн Жогорку Кеңештин чукул жыйынын өткөрүлөрү айтылган. 6-октябрда Бишкектеги «Достук» мейманканасында бир нече депутат жыйынга чогулуп, парламент төрагасын алмаштырып, премьер-министрликке жаңы талапкер сунуштаганын жарыялаган. Бирок жыйынга катышпаган депутаттар бул чечим легитимсиз экенин айтышууда.

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG