Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-ноябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 15:01

Суваналиев БУУнун ыйгарым укуктуу өкүлү менен жолукту


Озонниа Ожиело.

Укук коргоо органдарынын координатору, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу өкүлү Озонниа Ожиело менен жолугушту. Жолугушууда акыркы коомдук-саясий кырдаал талкууланды.

Жолугушуу тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымат берди. Суваналиевдин айтымында «кырдаалды курчутууга чагымчыл элементтер тарабынан аракеттер болуп жатат, буга карабастан күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күчү жана каражаттары кырдаалды көзөмөлдөө үчүн жетиштүү».

Суваналиевге БУУ Баш катчысы Антонио Гуттериштин билдирүүсүн эске салып, өлкөнүн кризистен чыгышы үчүн болгон көмөктү көрсөтүшөрүн айтты. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG