Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Мырзакматов: Матраимов менен жолуктум, Жээнбеков менен сүйлөштүм


Мелис Мырзакматов.
Мелис Мырзакматов.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мэлис Мырзакматов басма сөз өкүлдөрү менен жолугуп, акыркы кырдаал боюнча өз оюн айтты. Ал журналисттердин «Матраимовдор менен жолуктуңузбу? Тилек Матраимовдун камалышына кандай карайсыз?» деген суроосуна:

«Ооба, мен Искендер Матраимов менен жолуктум, аны менен азыркы түзүлгөн кырдаалды чыр-чатаксыз, тынчтык жолу менен чечүүнү сүйлөштүк. Алардан мыйзамсыздыкка барбоону сурандык. Бардык иш-аракеттер мыйзам талаасында болушу керек», - деди. Мырзакматов «тынчтык куруу үчүн, элдин чакыруусу менен гана келдим» деп билдирди.

Ал ошондой эле буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев менен да сүйлөшкөнүн кошумчалады.

Журналисттердин «Райымбек Матраимов менен сүйлөштүңүзбү?», - деген суроосуна:

«Мен ал киши менен сүйлөшпөйм, жети жылдан бери көрө элекмин», - деди. «Сооронбай Жээнбеков менен да байланыштыңызбы?» деген суроого: «Ал киши менен сүйлөшүп, «элдин тынчтыгын сактоо жардам бер» деди», - деп жооп берди.

Мелис Мырзакматов азырынча эч кандай мамлекеттик кызматка барбай турганын, шайлоого да катышпасын билдирди.

7-октябрга караган түнү Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош шаарына кайтып келген эле. Ош шаарынын мурдагы мэри акыркы алты жылда чет өлкөдө жашап, Кыргызстанга келе алган эмес. Ага 2014-жылы кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган жана сыртынан жети жылга соттолгон. Мырзакматов кылмыш ишин «саясий куугунтук» катары баалаган.

Экс-мэрдин «Улуттар биримдиги» партиясы 2015-жылкы парламенттик шайлоодо «Ата Мекенди» ачык колдоп, Мырзакматов партиянын тизмесинде үчүнчү болуп турган. Тизмеге «Улуттар биримдигинин» 40 мүчөсү кошулуп, алардын ичинен Искендер Гаипкулов парламентке 2017-жылы партия лидери Өмүрбек Текебаевдин ордуна келген. (BCh)

XS
SM
MD
LG