Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

Суваналиев: Боронов арыз жазбаса, Жапаров кантип премьер-министр болот?


Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучусу Өмүрбек Суваналиев.
Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткаруучусу Өмүрбек Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Суваналиев Садыр Жапаровдун 8-октябрдын кечинде Өкмөт Үйүнүн алдында жасаган билдирүүсүнө комментарий берди.

Ал Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары мыйзамдуу түрдө туруктуулук үчүн гана иштеп жатканын айтты.

«Мен тууралуу «УКМКны басып алды» деген билдирүү күлкү келерлик. Мыйзамдуу түрдө турукташтыруу боюнча аракет кылып атабыз. Саясатчыларга «биз силерге киришпейбиз, өзүңөр чечип алгыла» дегенбиз. Премьер-министр Боронов арыз жазбаса, кетпесе, Садыр Жапаров кантип премьер болот? Ак үйдө премьер-министр болом деп дагы 3-4 киши жүрөт», - деди ал «Азаттыкка».

Бир аз мурда Садыр Жапаров аны менен Өмүрбек Суваналиев үч күндөн бери сүйлөшпөй жатканын, ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) «мыйзамсыз басып алганын» айткан:

«Бул жакка (Өкмөт үйү - ред.) кирип отурганыма бир саат болду. Бир сааттан кийин күзөтчүлөрүмдү, машинемди толук алып коюшту. Муну Суваналиев жасады. Суваналиев УКМКны басып алган. Бул мыйзамсыз. Бүгүн мыйзамсыз башкарып отурат. Мен ага адамча айтып, түшүндүрөйүн десем, үч күндөн бери байланышка чыкпайт. Азыр да сүйлөшпөй койду».

Жогорку Кеңештин «Достук» мейманканасында 6-октябрда чогулган депутаттары өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялашкан. Ошол эле жыйында Кубатбек Боронов өкмөт башчылыктан кетүү тууралуу арыз жазганы айтылганы менен, арызды президент кабыл алган-албаганы тууралуу маалымат жок.

Жогорку Кеңештин калган депутаттары, бир катар саясий күчтөр, люстрацияны талап кылган жаштар Садыр Жапаровдун өкмөт башчылыкка көрсөтүлүшүн мыйзамсыз деп эсептешкен.

Президент Жээнбеков Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы деп айтылып жаткан Мыктыбек Абдылдаев менен жолугушууда кандайдыр бир жарлыктарга кол койгондугу тууралуу айткан эмес.

Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында президент «өкмөттүн курамы болобу же башка органдардагы кадрдык өзгөрүүлөр болобу, жарлык жана парламент тарабынан сунушталчу расмий кагаздарга кол коюуга, сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген».

Садыр Жапаров өзүн «мыйзамдуу өкмөт башчымын» деп билдирди.

Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп 2019-жылы февралда дайындалган. Парламенттик шайлоого катышканына байланыштуу кызматынан убактылуу кетип, өлкөдө саясий кризис башталганда кызматына кайра кайтып келген.

Ал Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып жатканын аталган мекеменин басма сөз кызматы 8-октябрда түшкө чейин билдирген.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон жарандар президент жана парламент отурган имаратты ээлеп алган 6-октябрдан бери өлкөдө саясий кризис уланууда.

XS
SM
MD
LG