Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Кремль Кыргызстандагы кырдаалды жөнгө салууда Суваналиевдин да аракетине ишенет


Дмитрий Песков. 16-апрель, 2020-жыл. Москва.
Дмитрий Песков. 16-апрель, 2020-жыл. Москва.

Москва Кыргызстандагы “тартипсиздик жана башаламандык” кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бейшембиде журналисттерге айтты.

“Кырдаал тартипсиздикке жана башаламандыкка окшойт. Бул учурда Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарынын жана УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучунун аракеттери кырдаалды турукташтырууга жардам берет деген үмүттөбүз”, - деген Песковдун сөзүн “ТАСС” агенттиги жазды. Кремлдин өкүлү "ал жакта [Кыргызстанда] эмне болуп жатканын жериндеги адамдардан сурагыла" - деген.

Буга чейин кабарлангандай, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууда өзүнүн колдоосун билдирген.

Суваналиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп 2019-жылы февралда дайындалган. Парламенттик шайлоого катышканына байланыштуу кызматынан убактылуу кетип, өлкөдө саясий кризис башталганда кызматына кайра кайтып келген.

Ал Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып жатканын аталган мекеменин басма сөз кызматы 8-октябрда түшкө чейин билдирген.

Парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон жарандар президент жана парламент отурган имаратты ээлеп алган 6-октябрдан бери өлкөдө саясий кризис уланууда.

XS
SM
MD
LG