Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Жээнбеков бешинчи ирет кайрылуу жасады


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

9-октябрдын кечинде Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кайрылуу жасады.

“Кадырман калкым, элибиздин тынч жашоосу саясаттын курмандыгы болбош керек. Ошондуктан, өлкөбүздүн борбору Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилди. Бүгүн атайын жарлыкка кол койдум" - деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Жээнбеков Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев менен жолугуп, өлкөдөгү абалды турукташтыруу чараларын талкуулаганы кабарланган.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге төрт ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Учурда мыйзам алкагына кайтып келүү максатындагы аракеттер жыйынтык бере элек. Өлкө 6-октябрдан бери саясий кризисте.

XS
SM
MD
LG