Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Орусияда COVID-19 чалдыккандардын саны эң жогорку чекке жетти


Москвадагы оорукана, 8-октябрь 2020-жыл.
Москвадагы оорукана, 8-октябрь 2020-жыл.

Орусияда соңку бир сутка ичинде коронавирусту жугузуп алгандардын саны 12 126 кишиге жетти. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч. Орусияда акыркы жолу илдетке чалдыккандардын эң жогорку чеги 11-майда катталган. Анда 11 656 кишиден вирус табылган.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө коронавирустун ырасталган учурлары 1 миллион 300 миң кишиге чукулдап баратат. Учурда 250 миңдей бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө турат. Расмий маалымат боюнча, COVID-19 илдетинен 22 миңден ашуун адам көз жумду.

Орусия коронавирустун тарашы боюнча АКШ, Индия жана Бразилиядан кийин төртүнчү орунда турат.

Вирустун жаңы очоктору бир катар өлкөлөрдө кайра катталууда. Сентябрь айынын соңунда дүйнө мамлекеттеринин ичинен биринчи жолу Израил кайрадан карантин киргизген. Аны улай Чехия, Словакия, Италия жана Британия сыяктуу Европа өлкөлөрү да кайра чектөөлөрдү күчөттү.

Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 36,5 миллиондон, көз жумгандардын саны 1 миллиондон ашты.

XS
SM
MD
LG