Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Ош шаардык кеңеши мэр Сарыбашовго ишеним көрсөтпөө токтомун жокко чыгарды


Ош шаардык кеңеши мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүү учуру.
Ош шаардык кеңеши мэрге ишеним көрсөтпөө боюнча добуш берүү учуру.

9-октябрдын кечинде шаардык кеңеш кезексиз сессияга чогулуп, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго ишеним көрсөтпөө боюнча токтомду жокко чыгарышты. Бул токтом үч күн мурун эле кабыл алынган. Бул тууралуу мэриянын базма сөз кызматы билдирди.

Таалайбек Сарыбашов 6-октябрь күнү шаардык кеңеш чыгарган токтом мыйзамсыз экенин айткан. Ал ошол эле күнү кызмат ордун таштап чыгып кеткен. Кийин анын ордуна Дүйшөн Төрөкулов өзүн мэр деп жарыялаган.

Депутаттар токтом менен митингге чыккан элди тааныштырууга чыгып, бир нечеси сабалган. Айрыкча төрага Жапар Ормонов катуу жабыркаган. Кесиптештери аны ооруканадан көргөнүн айтышты.

Айрым депутаттар шаардык кеңеш 8-октябрь күнү да чогулууга аракет кылганы менен сессия өтүш үчүн жетиштүү депутаттар келбегенин айтышты.

Ош шаарында митингдер төрт күндөн бери уланууда. Шаардык милииция жана мэрия калаада абал туруктуу экенин билдирди. Ал эми ички иштер башкармалыгы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. (DU)

XS
SM
MD
LG