Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 21:25

Бишкекте өзгөчө абал режими 10-октябрдан тарта кирет


Өзгөчө абал учурунда массалык иш-чараларды өткөрүүгө, митинг, жүрүштөргө тыюу салынат. Бишкек шаары. 9-октябрь, 2020-жыл.

Башкалаада өзгөчө абал режими 10-октябрдан тарта иштей баштайт. Бул маалыматты Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлады. Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына 9-октябрдан тартып өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыкты жума күнү чыгарган. Ага ылайык, саат 20:00-8:00 аралыгына чейин коменданттык саат болуп, мындай режим 21-октябрга чейин созулат. Кырдаалга милиция менен кошо аскерлер көзөмөл кылат. Бишкек шаарында атайын комендантура түзүлүп, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев комендант болуп дайындалды.

Өзгөчө абал учурунда борбор калаанын аймагында спорт, оюн-зоок, митинг, жүрүш жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бишкекке башка аймактан келип, коомдук тартипти бузган жарандар, чет өлкөлүктөр борбор калаадан чыгарылат. Ишкана, мекемелердин иш тартибине өзгөчө режимге ылайыктуу өзгөртүүлөр киргизилет. Автоунаалардын жүрүшүнө чектөө салынат. Эл көп чогулган жерлерде жарандардын документтери текшерилет.

Президенттин жарлыгы Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген. Регламентке ылайык, парламент жарлыкты үч күндүн ичинде карашы керек. 9-октябрда кечке жуук Жогорку Кеңештин спикери Мыктыбек Абдылдаев парламенттеги фракция лидерлери менен президенттин өзгөчө абал тууралуу жарлыгын талкуулаганы кабарланды.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге беш ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Учурда мыйзам алкагына кайтып келүү максатындагы аракеттер жыйынтык бере элек. Өлкө 6-октябрдан бери саясий кризисте. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG