Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

ЖК төрагасы фракция лидерлери менен президенттин жарлыгын талкуулады


Салыр Жапаров менен Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин кагылышы. Ала-Тоо аянты, Бишкек. 9-октябрь, 2020-жыл.
Салыр Жапаров менен Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлеринин кагылышы. Ала-Тоо аянты, Бишкек. 9-октябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин төрагасы Мыктыбек Абдылдаев бүгүн, 9-октябрда парламенттеги КСДП, “Ата мекен”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс”, “Республика-Ата Журт”, “Бир бол” фракцияларынын лидерлери менен жолукканын кабарлады. Анда президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкек шаарынын аймагына Өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыгы талкууланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу “Азаттыкка” билдирди.

Жогорку Кеңеш президенттин бул жарлыгын качан караары азырынча белгисиз.

Бүгүн, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына 9-октябрдан тартып өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарган. Ага ылайык өзгөчө абал 21-октябрга чейин созулат. Саат 20:00-8:00 аралыгына чейин коменданттык саат болот. Кырдаалга милиция менен кошо аскерлер көзөмөл кылат.

Президенттин жарлыгы Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген. Регламентке ылайык, парламент жарлыкты үч күндүн ичинде карашы керек.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып башталган митингдер башаламандыкка айланып, 6-октябрга караган түнү митингчилер парламент менен президенттик аппараттын, УКМКнын имараттарын ээлеп алышкан. Натыйжада коррупция үчүн айыпталып камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган адамдарды, жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Садыр Жапаровду жактоочулары барып камактан чыгарышкан.

Бул окуялардын натыйжасында Борбордук шайлоо комиссиясы акыркы парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков акыркы окуяларды парламенттик шайлоонун шылтоосу менен бийликти басып алуу аракети катары баалаган. Андан бери президент элге беш ирет кайрылды, бирок элдин алдына чыга элек.

Учурда мыйзам алкагына кайтып келүү максатындагы аракеттер жыйынтык бере элек. Өлкө 6-октябрдан бери саясий кризисте. (ZKo)

XS
SM
MD
LG