Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:00

Москвада азери-армян дипломаттары жолугушууда


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров (ортодо) менен Армениянын башкы дипломаты Зограб Мнацаканян жана Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Москва, 9-октябрь 2020-жыл.
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров (ортодо) менен Армениянын башкы дипломаты Зограб Мнацаканян жана Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов, Москва, 9-октябрь 2020-жыл.

Москвада Тоолуу Карабак маселеси боюнча Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү өтүп жатат. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мария Захарова билдирди. Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин эки өлкөнүн ортосунда кеңешме өткөрүүнү сунуштаган.

“Интерфакс” билдиргендей, Азербайжандын президенти Илхам Алиев Москвадагы сүйлөшүүлөрдү Тоолуу Карабактагы кармашты тынч жол менен жөнгө салуу үчүн акыркы мүмкүнчүлүк деп мүнөздөдү. Армениянын президенти Армен Саркисян тараптар элдешүүнүн жолдорун макулдаша аларына үмүт артты.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган, бирок иш жүзүндө Ереван колдогон армяндар көзөмөлдөгөн Тоолуу Карабакта 27-сентябрдан бери кармаш токтобой жатат. Анда оор артиллерия, аскердик учактар жана дрондор колдонулууда. Кармаш үчүн Ереван менен Баку бири-бирин күнөөлөп жатат.

Тоолуу Карабактын армиясы кармаш башталгандан бери 350дөй аскеринен айрылганын билдирди. Азербайжан тарап жоокерлер арасында кандай жоготуу болгонун так маалымдай элек.

XS
SM
MD
LG