Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:31

Тажикстанда президенттик шайлоо өтүүдө


Душанбедеги добушкана
Душанбедеги добушкана

11-октябрда Тажикстанда таңкы саат алтыда өлкө боюнча бардык шайлоо тилкелери ачылып, президенттик шайлоо башталды. 29 жылдык эгемендик тарыхында Тажикстанда бешинчи жолу президенттик шайлоо өтүп жатат. Ага негизинен бийликке жакын партиялар катышат. Оппозициялык партиялар шайлоого катыша албайт же катышуудан баш тартышат.

Тажикстан Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкөдө 4 900 545 адам добуш бере алат. Алардын бир бөлүгү Орусияда жана Казакстанда миграцияда жүрөт. Тажикстандын өзүндө 3 375, чет өлкөлөрдө 39 шайлоо тилкеси уюштурулду. Дүйнөнүн беш өлкөсү, алты эл аралык уюм, сегиз элчиликтин өкүлдөрү шайлоого байкоо салат. Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун 7 байкоочусу бар.

Президенттикке беш талапкер ат салышууда:

1.Коммунисттик партиядан Абдуллоев Миродж (биринчи жолу катышууда)

2.Социалисттик партиядан Гаффорзода Абдухалим (үчүнчү жолу катышууда)

3. Агрардык партиядан Латифзода Рустам (биринчи жолу катышууда)

4. Экономикалык реформа партиясынан Рахматзода Рустам (биринчи жолу катышууда)

5. Элдик демократиялык партиядан Эмомали Рахмон (бешинчи жолу катышууда). (BCh)

XS
SM
MD
LG