Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

КМШ байкоочулары «шайлоо ачык жана атаандаштык негизде өткөнүн» белгилешти


Добуш берүү участогу. Бишкек шаары. 4-октябрь, 2020-жыл.
Добуш берүү участогу. Бишкек шаары. 4-октябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоого көз салган КМШ мамлекеттеринин байкоочулары 5-октябрда өз баасын беришти. КМШ байкоочулары «бардык партияларга шайлоо өнөктүгү, үгүт учурунда бирдей шарт түзүлүп берилди. Маалымат каражаттары аркылуу программаларын тааныштырууга бирдей мүмкүнчүлүк алышты» деп билдиришти.

КМШнын байкоочулар миссиясынын өкүлү Виктор Глуминский: «Шайлоого талапкер катары катышуудан БШК тарабынан четтетилген эки партия - «Кыргызстан» жана «Бүтүн Кыргызстан» партиялары жеңишке жетишкени өлкөдө шайлоо калыс жана таза өткөнүн көрсөтүп турат», - деп айтты.

КМШ байкоочулары шайлоо автоматтык саноо системасы аркылуу өткөнү - аны таза өтүшүнө шарт түзгөнүн белгиледи. Байкоочулар миссиясы шайлоодогу мүчүлүштүктөр тууралуу айтып, добуш берүүчүлөрдүн дарегин алмаштыруусун мисал келтирди. Миссия буга байланыштуу сунуштарын Боршайкомго бермекчи.

14-сентябрдан бери Азербайжан, Армения, Беларус, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн 151 байкоочусу Кыргызстандын бардык аймактарында иштеп жатат.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо мыйзамдарга ылайык, ачык жана таза өткөнүн парламент аралык ассамблеянын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Мухтар Ирман да кошумчалады.

4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан «Ата Мекен», «Республика», «Ыйман Нуру», «Бир Бол» жана «Реформа» партиялары жыйынтыкты тааныбай турганын билдиришүүдө. Алар түнкү бирде орток басма сөз жыйынын өткөрүп, 5-октябрда кыргызстандыктарды Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдына саат 14.00гө тынчтык акциясына чакырышты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда өтүп жаткан парламенттик шайлоого 277 эл аралык байкоочу көз салып жатат. Алар 33 эл аралык уюмдун өкүлдөрү жана дүйнөнүн 43 өлкөсүнөн келишкен. (ZKo)

XS
SM
MD
LG