Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-декабрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 03:52

Зулпукаров: «Биримдик» партиясына административдик кысым болду


«Биримдик» партиясынын мүчөсү Төрөбай Зулпукаров 4-октябрдагы шайлоо курч өткөнүн, шайлоочулар активдүү катышканын билдирди. Ал ошондой эле шайлоодо утуп чыгарына ишенгенин, буга партия күчтүү команданы түзгөнү себеп болгонун айтты:

«Добуш берүүдө биздин партияга каршы административдик кысым колдонулду. Таласта, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр, Кара-Көл шаарларында бул байкалды. Биздин партиянын өкүлдөрү ага байланыштуу акт түзүп, шайлоо комиссиясына беришти. Эми ага кандай мамиле болот, көрөбүз. Мыйзам бузууну мыйзам чегинде чечиш керек».

Төрөбай Зулпкукаров «түрдүү бут тосууга, партияны жаманатты кылуу аракеттерине карабай, ишеним артып, шайлап берген» шайлоочуларына ыраазычылык билдирди.

Баштапкы маалыматтар боюнча 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясы эң көп (24,5%) добушка ээ болду. Андан кийин «Мекеним Кыргызстан» 23,9%, «Кыргызстан» 8,7%, «Бүтүн Кыргызстан» 7,0% алып, жети пайыздык босогодон өттү.

«Мекенчил» партиясында добуштардын 6,8%, «Республикада» 5,8%, «Ата Мекенде» 4,0%, «Ыйман Нурунда» 3,3%, «Бир Болдо» 3,0%, «Чоң Казатта» 2,3%, «Замандашта» 2,1%, «Социал-демократтарда» 2,1%, «Реформада» 1,6%, «Мекен Ынтымагында» 0,6%, «Ордодо» 0,2% жана «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясында» 0,1% бар. Шайлоочулардын 1,8% баарына каршы добуш беришти.

«Ата Мекен», «Республика», «Бир Бол», «Реформа», «Замандаш», «Ыйман Нуру», «Чоң Казат» саясий партиялары шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришти. Алар «шайлоо администраивдик ресурстун жана акчанын күчү менен өтүп, калыс тандоого мүмкүнчүлүк болгон жок» деп жатышат. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (35)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG