Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

«Реформа»: шайлоону тааныбайбыз, бийлик легитимсиз


«Реформа» партиясы алгачкылардан болуп краудфандинг - элден акча чогултуу ыкмасы менен шайлоого катыша алды.
«Реформа» партиясы алгачкылардан болуп краудфандинг - элден акча чогултуу ыкмасы менен шайлоого катыша алды.

4-октябрдагы шайлоого катышкандардын дагы бири - эски саясатчыларды таптакыр тазалоо, люстрация урааны менен чыккан «Реформа» шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди.

«Бийликчил партиялар жана олигархтык-бандиттик партиялардын жасаган жапырт добуш сатып алышы, коркутуп-үркүтүү менен, элдин алсыздыгын колдонуу менен, административдик ресурсту жана жарым миллионго жакын шайлоочунун форма №2 аркылуу жасалган добуш алышы бул шайлоону эң ыплас кылды. Ошондуктан биз, «Реформа» саясий партиясы шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз. Бул шайлоону уюштурган бийликти да легитимдүү эмес деп эсептейбиз», деп жазылат партиянын билдирүүсүндө.

Партия бул кырдаал үчүн жоопкерчилик өлкө президенти менен премьер-министринде экенин белгилеп, «келечек үчүн» күрөштү улантууга чакырат. «Биз өлкөнү кылмышкерлер жана уурулар башкарышына жол бербейбиз» деп жазылат кайрылууда.

Көбүнесе жаштардан жана жаңы жүздөрдөн куралган, шайлоо күрөөсү беш млн. сомду эл арасынан чогулткан жалгыз партия – «Реформа» алдын ала электрондук эсеп боюнча 1,7% добуш алган.

Партия өзгөчө чет өлкөлөрдөгү жыйынтыгы буга чейин белгилүү болгон добушканаларда жана Бишкек шаарында ийгиликке жетишкен. Борбордогу шайлоочулардын 19 миңге жакыны «Реформаны» колдоп, 16 партиянын ичинен бешинчи орунду алган.

XS
SM
MD
LG