Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Август, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Өзбекстанда коронавирус стационарында жарылуудан бир киши каза болду


Гүлистандагы жарылуу

Өзбекстандын Гүлистан шаарындагы “Алпомиш” спорттук комплексинде кычкылтек баллону жарылып, коронавирустан дарыланып жаткан бир адам каза болгонун “Азаттык” радиосунун өзбек кызматы жазды. Сырдарыя облустук саламаттык сактоо башкармалыгы бул маалыматты ырастады. Окуя 10-октябрда болгон. Бирок өзбек тилдүү социалдык медиа “ондогон адамдар өлгөнү” тууралуу жазууда. Каза болгондордун арасында жасалма өпкө жабдуусу өчүрүлгөн бейтаптар да болушу мүмкүн деп жазгандар бар.

“Азаттыктын” өзбек кызматы бул борбордо дарыланган дагы эки адамдын сөөгү туугандарына берилгенин аныктады.

Коронавирус коңшу Өзбекстанда акыркы күндөрү күчөп жатканы айтылууда. 11-октябрда вирус 328 кишиден аныкталды. Жалпы ооругандар 60 миңден ашып, 503 киши каза болду. (BCh)

XS
SM
MD
LG