Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:39

COVID-19: Баткенде бир күн мурда кирген чектөөлөр кайра алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

28-сентябрда Баткенде коронавирус оорусуна байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал курч болуп жаткандыктан, облустук штабдын чечими менен бир катар чектөөлөр киргизилген.

Ага ылайык, 28-сентябрдан тартып облустан тышкары, район аралык жана ички коомдук транспорттун каттамдары, мал базарлардын иши, мечиттерде жамаат менен жума намаздарын окуу убактылуу токтотулуп, чек арадан өтүп жаткан Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары акыркы үч күндө алынган ПЧР-анализи таза чыкса гана киргизиле турганы кабарланган.

Соода борборлорунда, дүкөндөрдө, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жүргүзүү жана дезинфекциялоо иштерин күчөтүү, баш ийбегендерге чара көрүү милдети район жана шаар башчыларына жүктөлгөнү, партиялардын шайлоого карата үгүт иштерин жүргүзүү жаатында санитардык эрежелерге көзөмөл күчөтүлөрү да айтылган.

Облустук штаб ошол эле күнү кечке жуук жарандардын жана ишкерлердин кайрылуусун карап чыгып, кабыл алынган чектөөлөр кайра алынганы тууралуу маалымат таратты. Анда жарандардын жана айдоочулардын кайрылуусунан улам чектөөлөр жоюлганы менен, санитардык талаптарды сактоо, беткап тагуу режими күчүндө калганы айтылат.

29-сентябрга карата COVID-19 илдети лабораториялык жол менен 167 кишиден жаңы аныкталды. Илдет жуккандардын саны боюнча Баткен облусунда 55 киши катталды. Бул башка аймактарга салыштырмалуу эң көп. (JsA)

XS
SM
MD
LG