Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Москва: коронавируска байланыштуу окуучулар эки жумага каникулга тарайт


Москвадагы мектептердин бири.
Москвадагы мектептердин бири.

Орусиянын баш калаасы Москвада коронавирусту жугузгандар көбөйүп жаткандыктан мектеп окуучулары 5-октябрдан 18-октябрга чейин эки жумалык каникулга тарайт. Тиешелүү буйрукка Москванын мэри Сергей Собянин кол койду. Адатта Орусиядагы мектептерде күзгү каникул бир жумага созулчу.

«Санитардык дарыгерлердин сунушу менен, күзгү сасык тумоонун жана COVID-19га чалдыккандардын көбөйүшүнө байланыштуу окуучулардын күзгү каникулун эки жумага узартууну чечтим», деп айтылат Собяниндин Москва мэриясынын сайтында жарыяланган билдирүүсүндө.

Бул аралыкта дистанттык сабактар болбойт. Ошондой эле кошумча билим берген мекемелер да эки жума иштебейт. Ал эми Москвадагы бала бакчалар кадимки режимди ишин улантмакчы.

Сергей Собянин ата-энелерди каникул учурунда балдарын үйдөн чыгарбай, жакынкы сейил бактарда сейилдөөгө үндөөгө чакырды.

«Учурда ооруп жаткандардын басымдуу бөлүгү - балдар. Алар көп учурда симптомсуз оорушат. Балдар үйгө келип, ооруну оор түрдө өткөргөн чоңдорго жана жашы өткөндөргө жугузушу мүмкүн», деп айтылат мэрдин билдирүүсүндө.

Акыркы суткада Орусияда 8232 адам коронавирус жугузуп алганы аныкталды. Анын басымдуу бөлүгү Москва шаарына туура келет.

XS
SM
MD
LG