Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-ноябрь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:16

Беларустагы жүрүштө 580дей адам кармалды


Минскиде жүздөгөн адамдар кармалды. 11-октябрь, 2020-жыл.

Беларуста 11-октябрда өткөн жүрүштө 586 адам кармалганын «Весна» укук коргоо уюму билдирди. Алардын көбү Минскиде кармалганы маалым болду. Айрым демонстранттар күч түзүмдөрүнө каршылык көрсөткөнү кабарланды. Күбөлөрдүн айтымында полиция жаш агызчу газ чачканда, жүрүшкө чыккандардын кээ бирлери аларды көздөй бөтөлкө жана гүл челектерин ыргытышкан.

Акция маалында 40ка жакын журналист кармалган, алардын көбү кечке маал коё берилди.

Беларуста 9-августтагы талаштуу президенттик шайлоодон бери нааразылык акциялары токтобой келатат. Александр Лукашенко бул шайлоону жеңгенин билдиргени менен бир катар Батыш өлкөлөрү жана беларус оппозициясы мындай жыйынтыкты тааныган жок.

Светлана Тихановская башында турган оппозициячыл кыймылдар шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылууда.

XS
SM
MD
LG