Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:36

Евробиримдик Беларустан айрым элчилерин чакыртып алат


Беларуста калайман каршылык акциялар 9-августта президенттик шайлоодон кийин башталган.
Беларуста калайман каршылык акциялар 9-августта президенттик шайлоодон кийин башталган.

Европа Биримдиги Беларустагы элчилеринин бир бөлүгүн чакыртып алуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул тууралуу Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау билдирди. Бирок ал кайсы элчилер, качан чакыртылып алынарын тактаган жок.

Мунун алдында Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичюс Минскидеги элчисин чакыртып аларын маалымдаган жана чечим поляк кесиптештери менен кеңешкенден кийин кабыл алынганын билдирген.

"Европа биримдигине мүчө өлкөлөр жана тышкы аракеттер боюнча европалык кызматка ылайык, биз элчилердин бир бөлүгүн кеңешүү үчүн чакыртып алууну чечтик. Биздин приоритет беларустарды жана алардын өлкөсүн демократиялаштырууга умтулушун колдоо болуп саналат", деп жазды Збигнеев. Ал Евробиримдикке Польша менен Литвага тилектештик көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ушул айдын башында беларус бийлиги Минскидеги Польша менен Литванын элчиликтеринен кызматкерлеринин санын кыскартууну талап кылган. Анда дагы бул эки мамлекет элчилерин чакыртып алган жана Брюсселди да ушундай кадамга барууга чакырган.

Беларуста президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, жаңы шайлоо өткөрүлүшүн талап кылган калайман каршылык акциялар эки айга жакын убактан бери токтой элек. 9-августтагы шайлоодо Лукашенко жеңүүчү деп табылган, оппозиция аны таануудан баш тарткан.

Бир катар Батыш өлкөлөрү Александр Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбай турганын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG