Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Ким Кардашьян Арменияга жардамга бир миллион доллар которду


Реалити-шоу жылдызы Ким Кардашьян Еревандагы технологиялык жыйында. 8-октябрь, 2019-жыл.
Реалити-шоу жылдызы Ким Кардашьян Еревандагы технологиялык жыйында. 8-октябрь, 2019-жыл.

Тоолуу Карабакты талашкан Азербайжан менен Армениянын ортосундагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган жердештерине Лос-Анжелестеги армяндан диаспорасы жардам бере баштады.

10-октябрда реалити-шоу жылдызы Ким Кардашьян кагылышуудан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан «Армения» фондуна бир миллион доллар которгонун жарыялады.

«Бизди бөлүп жаткан аралыкка карабай, бизди чек аралар бөлө албай турганын, биз баарыбыз улутубуз армян экенибиз эч кимдин эсинен чыкпашын каалайм», - деди Кардашьян «Инстаграмдагы» видеокайрылуусунда.

11-октябрда миңдей адам Лос-Анжелесте армяндарды колдогон акция өткөрүштү. Ошол эле маалда Беверли-Хиллздеги Түркиянын консулдугунун алдына 20 миңдей адам топтолуп, Анкаранын Бакуну колдошун айыпташты.

Түштүк Калифорния штатында АКШдагы армяндардын көбү отурукташкан. Ал эми Чыгыш Голливуд району 2000-жылы «Кичи Армения» деген лакап атка конгон.

Эл аралык коомчулук Азербайжандын аймагы катары тааныган, бирок иш жүзүндө Ереван колдогон армяндар көзөмөлдөгөн Тоолуу Карабактагы куралдуу кармаш 27-сентябрда тутанган. Анда оор артиллерия, аскердик учактар жана дрондор колдонулган эле. Анын кесепетинен жүздөгөн адамдар каза болду.

XS
SM
MD
LG