Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Суваналиев: Криминал коррупционер чоңдор менен кошулуп мафия болуп алды


Өмүрбек Суваналиев.
Өмүрбек Суваналиев.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын мурдагы орун басары Өмүрбек Суваналиев шайлоодогу жана андан кийинки тоз-тополоңго криминал аралашканын четке какпайт. Бул тууралуу ал 12-октябрда "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди:

"Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор аябай күчтүү. Алар коррупционер чоңдор менен кошулуп мафия болуп алышкан. Ошондуктан, криминал бийликке келүүгө аракет кыла баштады. Себеби, аткаминерлер алардын алдында иштеп калышкан. Кайсы жерди караба, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү толтура. Бирок муну ачык айтып чыгуудан баары коркот. Уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү депутаттарга «добуш бересиң» деп коркутканы тууралуу маалымат чындыкка жакын. Бирок так факты жок болуп калды. Себеби, убакыт аз эле».

Парламент депутаты, вице-спикер Аида Касымалиева 10-октябрда Жогорку Кеңештин премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн кезексиз жыйынында кызматташы Самаев «добуш бересиң» деп коркутканын айтып чыккан.

"Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаев Касымалиевага жооп кайтарып, Садыр Жапаров баштаган өкмөт курамын жана программасын бекиткен кезексиз жыйынга депутаттарды чогултууга тиешеси болбогонун билдирген.

Өмүрбек Суваналиев парламенттик шайлоого байланышкан башаламандыктан кийин Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары кызматына кайтып барып, өлкөдөгү күч кызматтарын координациялоону колуна алган. 10-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн кылмыштуу уюшкан үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган.

XS
SM
MD
LG