Британия музейи Самарканддагы Шохи-Зинда комплексинен уурдалган плиталарды Өзбекстанга кайтарат. Плиталар былтыр Лондондун Хитроу аэропортунда аткезчилик товары катары конфискацияланган. Бул тууралуу «The Guardian» басылмасы 11-октябрда жазды.
Кабарга ылайык, плиталар Бириккен Араб Эмираттарынын Шаржа шаарынан 86 долларга алынган жана декларацияда «сатык үчүн» деп көрсөтүлгөн.
Тарыхый буюмдардын жылын жана кайсыл мамлекетке таандык экенин аныктоо максатында Улуу Британиянын Чек ара кызматы Британия музейине кайрылган.
Адистер плиталар XIII-XIV кылымдарда жасалганын, Самарканддагы Шохи-Зинда эстелик комплексине таандык экенин аныкташкан.
Дагы караңыз