Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-декабрь, 2020 шейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Шыкмаматов: Жээнбеков менен Жапаров сүйлөшүүгө тийиш


Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты.

«Кырдаал аз болсо да турукташып келе жатат, бирок дагы түрдүү интригалар токтобосо, кыйроо алдында турат». Мындай пикирин экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов «Акипресс» агенттигине билдирди. Ал учурда эң башкы маселе тынчтык жана туруктуулук экенин баса белгиледи:

«Президент менен Жапаров тирешпей, бир столго отуруп, сүйлөшүшү керек. Аларга Роза Отунбаева арбитр болуп бере алат. Садыр Жапаровду шайлашты. «Кворум жок» деп атышат, алтынчы чакырым беш жыл бою эле кворумсуз иштеп келген. Элдин баарынын эсинде, бул. Мурда унчукпай жүрүп эле, эми кворумду көрө калыштыбы?! Ошондуктан, азыр папка бөлүштүрүү, кландашып мушташуу эмес, азыр эң башкысы – тынчтык жана туруктуулук. Бизде эки саясий фигура: президент менен премьер. Артында миңдеген адамдар турган премьер-министр бар. Мен муну шайлоо учурунда эл кыдырганда көрдүм. Бардык жерден «Садыр Жапаровду түрмөдөн чыгарасыңарбы?» деген суроону берип жатышты».

Шыкмаматов тараптар сүйлөшүү менен шайлоонун маселесин чечүүгө тийиш экенин, учурдагы эң маанилүү – парламенттик шайлоону өткөрүүнү боюнча сүйлөшүү зарыл болорун белгиледи.

Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин 6-чакырылышына «Ата Мекен» партиясынан депутат болуп келген. Партия лидери Өмүрбек Текебаев камалгандан кийин фракция лидерлигин колуна алган. Текебаев түрмөдөн чыккан соң, пикир келишпестиктерден улам, фракциядан чыгып, мандатын тапшырган.

Жетинчи чакырылыштагы парламенттик шайлоого «Бир Бол» партиясынын тизмесин жетектеп чыкты.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүүдө. 5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан. Алар камактагы бир катар саясатчыларды, анын ичинде Садыр Жапаровду да бошотуп алышкан.

10-октябрда парламенттеги бир катар депутаттар кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандыкта абактан тарапташтары бошоткон Садыр Жапаров башында турган өкмөттүн курамын жана программасын бекиткен. Бул токтомго вице-спикер, жыйынды алып барган депутат Мирлан Бакиров 12-окятбрда кол койгонун Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Парламенттеги айрым депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын кайрадан чогултуу аракеттери көрүлүп жатканы да кабарланды. (ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (19)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG