Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:44

Азыркынын Бакайларынын бейтарап кеңеши керек


Жазуучулар Кубатбек Жусубалиев менен Кеңеш Жусупов Мурза Гапаровдун 80 жылдык юбилейинде. Бишкек, 25-март, 2016-жыл.
Жазуучулар Кубатбек Жусубалиев менен Кеңеш Жусупов Мурза Гапаровдун 80 жылдык юбилейинде. Бишкек, 25-март, 2016-жыл.

Кыргызстанда коом үчүн данакер болгон «Окумуштуулар кеңеши» зарыл болуп турат. Окурманыбыз Асанбек Каракозуевдин блогу.

«Окумуштуулар кеңешине» эч кимдин тили өтпөйт...

Кыргызстанда баары болот. Бизде баары боло берет. Агы менен карасы аралашып кеткен. Айырмалай албайсың. Кимиси туура, кимиси натуура экенин билбей, талаш менен тамтаңдап келе жатабыз.

Ошол үчүн бизге: бузса – бузулбаган, атса – ок өтпөгөн, агызса – сууга чөкпөгөн бир орган керек экен... Ал орган Жогорку Кеңештин кворум болуп чыгарган чечимдерин да, соттун акыркы деген кандай гана чечимин да жокко чыгара ала турган, керек болсо, президенттин да сөзү өтпөгөн, кайсы бир саясий топтордо жок, эч тарапка тартпаган, калыстыктан тайбаган бир орган керек экен.

Ал эмне деген орган? Ага кимдер мүчө боло алат жана канча адам болуш керек? Алардын негизги иши эмне болот? Ушул суроолорго жооп мындай:

Ал орган «Окумуштуулар кеңеши» деген орган! Алар кандай гана маселе болбосун, баарын калыс чечет. Алар өлкөдө кандай гана окуя болбосун, кандай гана талаштуу чечим болбосун, баары ошолор аркылуу чечилиш керек.

Аларсыз бир адамдын кылы башынан түшпөйт. Жөнөкөй жаран өз ишин жасап, президент президенттигин кылып, депутат депутаттыгы менен алек боло берет. Саясатчы саясатын сүйлөп, саякатчы саякаты менен жүрө берет. Башкача айтканда, кадимки турмуш өз нугунда, мисалы: азыркыдай кете берет.

Бирок, азыркы замандагыдай талаштуу учурларда «Окумуштуулар кеңешинин» чечими гана акыркы чечим болот. Азыр ким күчтүү болсо, жеңип кетип жатат. Кимде мүмкүнчүлүк болсо, анысынан пайдаланып, бардык кадамга барып жатат. Ал мыйзамдуубу же мыйзамсызбы, уруп ойнобойт. Мойнуна жүктөлгөн милдеттенмеси менен алган тапшырмасын аткарбай, айткан сөзү менен кылган иши карама-каршы чыгып жатат.

Демек, «Окумуштуулар кеңешинин» кандай гана чечими чыкпасын, аны ким болбосун кыйшаюусуз аткарат. Биз качан гана ушундай орган түзүүгө жетишкенде гана, алардын берген буйругун аткаруу талашсыз дегенге аң-сезимибиз өсүп жеткенде гана өнүгүү жолуна түшөбүз. Болбосо, баягы, баягынын таягы...

Бирок маселе, ошол «Окумуштуулар кеңешинин» курамында калууда. «Ага кандай адамдар мүчө болуш керек?» деген суроого кайра кайтып келели. Ага жашы 80ден ашкан, акыл-парасаты терең, билими (азыркы дээрлик көпчүлүк окумуштуулардын билимдей эмес) жогору, турмуштук бардык зарылчылыктардан, керек болсо, үй-бүлөсүнөн баш тарткан, «ачык тарых» менен «жабык тарыхты» өтө жакшы билген, калыстыкты туу туткан жети гана окумуштуу мүчө боло алат. Анан алар айлык албай иштешет, эгер зарыл болсо, алардын колунда бардык байлык болот. Бирок алар ага кызыкпайт...

Асанбек Каракозуев.
Асанбек Каракозуев.

Биз ошондо улуттук лидер издебейбиз, биз ошондо кайсы бир саясатчынын сөздөрүн акыркы чечим деп кабылдабайбыз, биз ошондо кайдан келип, кайда барарыбызды анык билебиз, биз ошондо таянар тообузду табабыз, ким менен кандай мамиле кылыш керек экенин үйрөнүп, көзүбүз ачылмак...

«Бирок ушундай окумуштуулар барбы, бизде?» деген суроо туулат. Салыштырмалуу бар. Көпчүлүк турмуштук зарылчылыктардан баш тарткан, дербиш сыяктуу жашоого өткөн, акылы – акылдай акылдуу, билими – билимдей билимдүү адамдарды табуу көп деле кыйын эмес.

Эгер азыр «Окумуштуулар кеңеши» түзүлүп калса, мен бир мүчөсү катары Кубатбек Жусубалиевди көрсөтөт элем... А мүмкүн андай адамдар «мындай ишиңердин кереги жок» деп чыгышы да мүмкүн. Анткени аларга эч нерсенин кызыгы жок, алар баарын көргөн. Алар өзүнүн калыстык жашоосу менен жашагылары келет, өзүнүн ой талаасында жүрүүнү каалайт, башка иштерди жактырбайт.

Акыры түбү «Окумуштуулар кеңеши» түзүлүп калса, алардын чечими – темирдей бекем, болоттой курч болот дагы, өлкөдө болуп жаткан кандай гана адилетсиз, кара, наадандык бардык иштерге, аракеттерге чек коюлмак. Ошондо, коррупционерлердин баары ээрчишкен бойдон түрмөгө кетмек, эл добушун калыс бермек, президент калыс шайланмак, депутаттардын шайлоосунда добуш сатылмак эмес, түрмөдөгүлөрдүн орду түптө, билимдүүлөрдүн орду бийикте болмок! Өлкөдө бандиттик топтор жоюлмак, аларга Кыргызстанда орун жок болмок!

«Окумуштуулардын кеңешин» түзүү менен эч кимге мыйзамсыз иш кылганга мүмкүнчүлүк берилбей, калыстык орномок, алсыздын көз жашы аарчылып, акылсыз алдууга ооздурук салынмак. Ошондо саясатчы ойлонуп сүйлөп, жети жаштагы бала аны менен иши болбой калмак.

Бул албетте азыр эле аткарылып кете турган иш эмес. Эртең эле «Окумуштуулар кеңешин» түзө калуу реалдуу эмес. Буга көпчүлүк оозеки макул болгону менен жүрөгүндө каршы болот. Бирок биз баары бир ушуга барышыбыз керек. Акыры бир күн барыш керек, барабыз!

Асанбек Каракозуев, журналист

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын чагылдырбайт)

XS
SM
MD
LG