Линктер

дүйшөмбү, 18-июнь, 2018 Бишкек убактысы 09:30

Кубатбек Жусубалиев - кыргыз прозасындагы эң эле оригинал сүрөткерлердин бири. Окурман журту аны публицист, акын, мыкты киночу катары да жакшы билет. Бирок жазуучунун атын чыгарган, көркөм сөзгө ынактардын жарпын жазган чыгармалары - чакан эпикалык жанрдагы аңгеме, повесттери.

Бүгүн кыргыз аңгемесинин классикасына айланган айтылуу “Улакчы” тууралуу кенен кеп кылуунун оролу келип турат.

Жайылган кир, жалгыз шым

Кубатбек Жусубалиевдин калеминен чыккан аңгеме, повесттердин арасынан бирин мыкты, экинчисин катардагы, дагы бирин ортозаар деп айтыш кыйын.

Бирок алардын арасынан “Улакчы” - аттын кашкасындай бөлүнүп турган, бир окуган адамдын эсинен эч качан чыкпай турган чыгарма. Аңгемедеги адамдардын аракет-кыймылы, ышкы азгырыгы, оор учурдагы элеттиктердин жалгыз эрмеги бир топко чейин окурмандын аң-сезимин ээлеп, жөнөкөй турмуштук деталдардын артында катылган автордук ойдун тереңдигине, кыска сюжетке терең ойду батырган жазуучунун сезимталдыгына таң калып, көркөм сөздүн сыйкырына арбаласың. Улакчынын образын ушунчалык так, даана ачып берген жазуучунун талантына таң калбай коюш кыйын.

Согуштан кийинки оор жылдардагы айыл турмушунун бир үзүмү аркылуу автор пенде баласынын ышкысын нукура реалисттик чеберчиликте көрсөтүп, элеттик жашоонун катаал прозасын алдыга тартып берет. Жазуучу улакчынын пенделик кыял-жоругун, жашоо-турмушун эч жасалмалабай, этнографиялык дегидей тактыкта окурмандын алдына жаят.

Баланын кошунасы, таятасы, Алим Сарык

Аңгемеде үч улакчы тууралуу кеп болот.

Башкы улакчы Эргештин жашоо-турмушу мына ушул улуттук оюнга бекем байланган. “Эргештин турмушта эки эрмеги, бир кумары бар. Катын менен комуз - эрмеги. Көкбөрү – кумары” дейт автор. Жалгыз шымын жуудуруп, шымсыз отурган улакчы айыл жеринде кез-кез болчу эрмегинен, кумарынан калмак беле. Үйүнүн алдындагы жолдон бака-шака болуп, аттуу-жөөсүнө карабай элдин жабылып улакка кетип баратышканын көрүп туруп Эргеш улакчы токтонуп тура албайт.

“Кыл чылбыр менен белин бууду. Баятан бери токулуу бойдон окуранып, жер чапчып турган Тиштенээк Кашкасын тамдан жетелеп чыкты да шарт минип жөнөп кетти. "Жолдон кулпуланып алармын" деди ичинен мингенде кызаң дей түшкөн жылаңач буттарын көрүп. Бир ойлогондон ушинтип ойлоду. Катыны менен комузун таарынткан бойдон калтырды. Экөөнү бир заматтын ортосунда унутуп калды. Эргешти жолдугата бир нерсе гана кыжаалат кылды. Ичигинин жүнү этин сайгылап, кычыштырып, мазесин кетирди. Барар барганча, барып жеткенче картылдатып тырманып барды”.

Улак талаасындагы окуялар сокур кемпирдин небересинин кабылдоосу аркылуу уланат. Сокур кемпирдин небереси - Эргеш улакчынын коңшусу, анын ийгилигине ортоктош күйөрманы. Ал эми улак ашкан кишини жандай чаап, жалынып-жалбарган дагы бир ышкыбоз улакчы, арып калган чал - баланын таятасы.

Үстүнөн буу көтөрүлгөн сүрмө топ, автордун сүрөттөөсүндөгү “кайнап турган” топтон Эргеш улакчы жалгыз атаандашы Алим Сарыкты гана көрөт. Башкаларын эсепке деле албайт. Элдин мактоосу атаандашына ооп баратканына ичи ачышып, Алим Сарыктан көз албайт.

“Так ортосунда көөдөнүнөн өйдө жылаңач, жылаңбаш, кемөөч салган карышкырдай камчысын туурасынан тиштеген Алим Сарыктын чамынып жүргөнүн көргөндө каны кызып барып токтоду. "Кайнап турушкан экен" деди. Алим Сарык да Түштүк кыргызга атагы чыккан улакчы болгондуктан, анча-мынча мындай жыйындарга келбей турган.”

Бир үйдөгү үчөө

Баланын таятасы кимге улак ашса ошону жандай чаап, жалынып-жалбарып улакка жетсем дегенде эки көзү төрт.

“Шамалдай чум кара ат минген чал көзү азиз кемпирдин небересинин таятасы эле. Кемпири, шамалдай чум кара ат, таятасы үчөө бир тамда жашашат. Бир бурчунда экөө, бир бурчунда шамалдай чум кара айгыр. Түндөлөрү экөөнө чырактын да кереги жок. Шамалдай чум кара айгырдын көздөрү чырактай күйөт. Чыртыйып эч ким менен сүйлөшпөйт. Көргөн-бакканы шамалдай күлүк чум кара ат. Үйүндө башка тиш чукурга бир нерсеси жок. Кемпиринин көйнөгү да жок…”

Ошентип аспиеттеп баккан күлүк ат - карынын эрмеги, улак болсо ышкысы. Улакты жерден эңишке каруусу жетпейт, улак ашырып алганды гана тоорумай күлүк атчан карынын жалгыз ышкысы болуп калган.

Алим Сарык менен Эргештин тартышы

Топтолгон улакчылар ыкшалып, топту жарган кыйкырык угулду.

“Ал ушул тапта бирөөнүн жоо сайгандай айкырып-кыйкырганын укту. Бул кыйкырган Алим Сарык эле. Алим Сарык улакты жерден эңип алып жапма басып Көк Быштысын жалга койгулаганча топтон жойлоп чыгып баратканын көрдү. Алим Сарык үйдөй таранчыга тийген кыргыйдай чакчалекей түшүрдү. Топту жарып чыккандан кийин чоң улакчылардын расмисин кылып жыйынды аралатып, айландырып бир чапты да эч кимдин кармашпаганын көрүп, Көк Быштынын оозун мөрөйгө көздөй бурду. Мөрөй Жалгыз Долоно эле. Бир гана чоң, шамалдай күлүк чум кара аттын үстүнө чымчыктай конгон кичинекей кыяктай арып чал өлүп-тирилип жалынып артынан ээрчип жүрдү. "Айланайын Алим Сарык! Балаңан айланайын Алим Сарык! Катыныңан айланайын Алим Сарык! Бир ашырып кой!" деди. Алим Сарык ага карап да койгон жок”.

Эргеш улакчы, Алим Сарык, баланын таятасы – мына ушул үчөөнүн ортосунда гана уланчу окуя ошентип сюжеттик чечилишке жакындайт. Балага кызыксыз болуп аткан улак тартыш жанданат. Улак Алим Сарыкта. Аны баланын таятасы чумкуй кара аты менен жандай чаап жалынып-жалбарып баратат. Бала улак чабылар күндү аябай күтчү.

“Эс тарткандан бери дайыма баш-аягына дейре тынбай кызыгып карап отурчу көкбөрүсү, кээ-кээде кокусунан эле ымыркай дүйнөсү суусу жалп төгүлгөн челектей бош калып, аңгырап бопбош калып, таянарга тоо таппай, согушарга жоо таппай калганда, эртең, эртең, эртең же бүрсүгүнү, бүрсүгүнү, бүрсүгүнү, же анын аркы күнү - үйрүлөргө үйү жок, айрыларга алачыгы жок күндөрдүн биринде көкбөрү болот экен дегенди укса аңгырап бош калган ымыркай дүйнөсү кайрадан толуп, бака-шака түшүп, таянарга тоо табылгандай, кездешерге жоо табылгандай, тезирээк таңдын атышын, тезирээк күндүн чыгышын зарыгып күттүргөн, ичинен кудуңдатып сүйүндүрүп ушунчалык бактылуу кылган, дайранын шарындай күүлдөгөн элдүү-журттуу көкбөрү азыр анын итиркейин келтирип же итиркейине тийгенге да жарабай, эл-журт өлүккө үйүлгөн чымындардай же баягы биринчи кар түшөрдүн алдында мектепке кышкы отундук арчаларды ташыганы эркек окуучулар, эркек мугалимдер болушуп эшек, төө минишип тоого барышканда көрүшкөн.

Эргеш Бөрдөйдүн (айылда: кара, көк, сары, кызыл, мас улакчы Эргештер бар) аңгекке түшүп арам өлүп калган жалгыз уюнун тарпын жеп тоюп алышкандыктан уча албай койдой жайылып жүрүшкөн кузгундардай көрүнүп, адамдардын бири-бирине жөөлөшүп, күчтүүсү күчсүздөрүн урдура коюшуп, а тигиниси урдурганына да кайыл, басмайылынын үзүлгөнүнө да кайыл, ээри менен кошо ооп түшүп аттардын туяктарынын алдына калганына да кайыл (туяктарынын алдында калса да аттар адамды тепселешпей турганын Эргештен уккан), гүү-гүү, дуу-дуу түшүп турушкандарына кайдыгер гана көз учунан карап турду. "Эмнеге мынча дан талашышат? Эмнеге умтулушат?" деди. "Өлүккө" деди. Анан кайра "торпоктун" деп өзүн-өзү оңдоп, тактап койду.”

Айланайын, бир эле ашырып кой?!.

Аздан кийин оюн кызып, улакты Алим Сарык эңип алып мараны көздөй ынтылат. Бирок аны жолдон Эргеш улакчы тосуп, оюнга будоо болгон тери тонун чечип таштап, улакты тартат.

“Эргеш торпок улакты (кыпкызыл чоң торпок экен) эки колдоп чирене тартып Алим Сарыкты тап жылдырбай турду. Көзү азиз кемпирдин небереси кубанганынан "жашасын!" деп кыйкырып, тура калам деп Жалгыз Долононун башынан жерге учуп түштү. "Такымга баспайсыңбы?!" деди ал учуп баратып.

Эргеш кичинекей коңшусунун кеңешин уккандай ичигин шарт чечип ыргытты. Улакка эки колдоп кычкачтай жабышты. Такымга басты. Алим Сарык улакты алдырып жиберди. Көзү азиз кемпирдин небереси учуп барып ордунан турганда улакчылар кыраан-каткы күлүп жатышкан эле. Ал элеңдеп эч нерсеге түшүнгөн жок. Чоң улакчылардын расмисин кылып топ аралата чаап жүргөн Эргешти көрдү. Артынан кубалаган эч ким жок эле. Эргеш жалгыз чаап жүрдү, улакчылар аттарынын жалына өбөктөшүп, ооп-жыгылып күлүп жатышты. Энеден туума Эргештин жүзүнө карап (ылдый жагына карагандан коркту), эмне болгонун түшүндү да, оң жак чыканагы (жерге чыканагы менен тийди) сынып кеткендей ооруганынанбы же башкаданбы, ыйлап жиберди.
А Эргештин артынан бир гана баягы таятасы жалынып-жалбарып: "Айланайын Эргеш! Катыныңан айланайын Эргеш! Балаңан айланайын Эргеш! Чочогуңан айланайын Эргеш! Бир ашырып кой, бир ашырып кой!" деп кубалап жүргөнүн көргөн жок”.

Аңгеменин эң талуу жери ушул, намыс, атаандаштык ортого чыкканда Эргеш улакчы баарына кайыл болуп, мөрөйү үстөм болгонуна кубанып, кыраан-каткы түшкөн элди аралап чаап жүрөт. Мындай ышкы чыныгы улакчыда гана болот. Жалгыз шымын таштап жылаңач этине жалгыз тонун кийип келген улакчы кантип оюндун кызыгына арбалып, кантип тонун чечкенин өзү деле туйбаса керек.

Улуу Атамекендик уруштан кийинки оор жашоодо элдин ышкысын козгоп, баарынын жарпын жазган эр оюнунун көркөм сүрөтүн мындан ашырып сүрөттөш кыйын го.

Аны Кубатбек Жусубалиев гана кемелине келтире тартып берген. Улактын ат жандуу кыргыз турмушундагы ордун мынчалык таамай, таасын сүрөттөгөн чыгармалар улут адабиятында аз эле.

"Мындай аңгемелер көп, үкам..."

Кубатбек Жусубалиев.
Кубатбек Жусубалиев.

К. Жусубалиевдин “Улакчы” аңгемеси алгач автордун “Толубай сынчы” (1981) жыйнагына кирген. Китептин редактору, белгилүү жазуучу Жылкычы Жапиевдин айтымында, аңгеме биринчи окуганда эле катуу таасирлентип, көңүлүн кушубак кылган.

- Кубат аке экөөбүз иштештик. Анан мунун ичинде дагы бир аңгемелер бар болчу. Ушул китептин ичиндеги “Улакчыны” окуганда мен, чынымды айтайын, мурда мындай аңгеме окуй элек болчумун. Бул улакчынын ышкысы го. Эргештин дүйнөсү бүт баары тең улак менен байланышкан. Бул кыргыз аңгемелеринин ичиндеги классикалык аңгеме. Муну адам жөн окуй албайт. Бул аңгемени окуганда башка дүйнөнүн кереги жок болуп калат. Көз алдыга ошол улакчылар гана туруп калат. Анан намыс турат.

Улактын кызыгы Чыңгыз Айтматовдун айтылуу “Гүлсаратында” жаңыдан аты чыгып келаткан жорго менен колхоз жылкычысы Танабайдын тойдогу кыргыз-казак чабандестеринин оюну катары мыкты берилген. Белгилүү коомдук, саясий ишмер Кемел Ашыралиев - асыл жылкыны аспиеттеген чабандестердин бири. Улак – көкбөрү тартуунун кызыгы, оюн ышкысы тууралуу анын пикирин угуп көрөлү.

Кемел Ашыралиев.
Кемел Ашыралиев.

- Бу улак укмуш го, тай минсе тай минип, кунан минип, жайдак атка отуруп, тарта албаган балдар да кичинесинен таймаштын ыкмасына көнө баштайт. Анан эр жеткенден кийин чабандес балдар эгер улак алып келе турган болсо "намыс алып келди" деп бир айылдын эли кубанчу. “Өткөндө баланча айылдын баласы алып кетти эле, мына биздики алып келди” деп, “биздин айылдаш Мурат алып келди” деп кубанганын айтпа. Улакка түшкөн чабандести белдүү баатыр, намыска жараган азамат катары көрүшчү.

Кубатбек Жусубалиевдин чыгармалары социализм заманында цензуранын “элегинен” өтпөй, кыйла жылдар бою чыкпай келсе, сөз эркиндигинин тушунда анын чыгармаларын жарыялоо деле токтолуп калды.

Жазуучунун айтылуу “Муздак дубалдар” романынын окурманга жетиши да кыйла жылдарга созулуп, горбачевдук “кайра куруу” заманында жарыкка чыккан эле. Көркөм сөздү баалагандардын аракети менен ошо социализм заманында “Толубай сынчы”, жаңы заманда “Жети сөз жана Конфуций” китеби жарыкка чыгып, андан бери кыргыз адабиятындагы өзгөчө үндүү калемгердин чыгармаларын окурмандарга жеткирүү жумушун аркалачу азамат да азырынча көрүнө элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG