Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Жусубалиев: 70 жаш - болгону бир көз ирмем


Жазуучу Кубатбек Жусубалиев "Азаттыктын" студиясында. 2010-жылдын 7-декабры.
Жазуучу Кубатбек Жусубалиев "Азаттыктын" студиясында. 2010-жылдын 7-декабры.

Кыргыз адабиятындагы өтө сейрек таланттардын бири, айтылуу кара сөз чебери Кубатбек Жусубалиев 70ке чыкты. Жазуучунун мааракеси Бишкекте чакан чөйрөдө белгиленди.

Кубатбек Жусубалиев өткөн кылымдын акыркы 20 жылында адабиятта социалисттик реализмден чегинген, карапайым кыргыздын нукура образын тарткан чыгармалары менен дүң салган. Жазуучунун мааракесине 90 жаштагы апасы да катышты.


Доордун өзгөчө жазуучусу


Жазуучуну жакшы билген калемдештеринин белгилешинче, ал өмүрүндө биринчи ирээт мааракесин белгилеп жаткан экен. Ошол себеп болдубу, айтор сүйлөп атып эле үнү угулбай калып жатты. Микрофонду жакындатып жылдырып койгон сайын ал кайра нары карап жылат. Менин артымда толкунданып турган кызы Жамбы атасынын көпчүлүк алдында микрофон кармаганга көнбөгөнүн белгилеп коёт.
Дүйнөлүк адабий абстракционизм, модернизм, сюрреализм деген жаңы агымдарды кыргыз адабиятына алып келген жазуучу. Кубатбек Жусубалиев ушул мезгилдин, доордун өзгөчө жазуучусу, кыргыз адабиятындагы өзүнчө этап...
Султан Раев

Кубатбек Жусубалиев “Күн автопортретин тартып бүтө элек”, “Толубай сынчы”, “Муздак дубалдар”, “Жети сөз жана Конфуций” жана башка чыгармалардын автору. Ошол эле кезде окурмандар жазуучунун чыгармалары татаал жана түшүнүксүз экенин көп айтышат.

Жусубалиев өзү ким, калемдештери эмне дейт? Кыргыз эл жазуучусу, драматург жана президенттин кеңешчиси Султан Раевдин айтымында, Жусубалиевдин уникалдуулугу анын дүйнө таанымынын татаалдыгында.

- Дүйнөлүк адабий абстракционизм, модернизм, сюрреализм деген жаңы агымдарды кыргыз адабиятына алып келген жазуучу. Жусубалиевдин чыгармаларын бир окуганда түшүнүү кыйын. Көп окурмандар бул кишинин чыгармалары татаал, окуй албайм деп айтышат. Бирок бул кишинин чыгармаларында метафора, аллегория, подтекст деген бар. Буларды түшүнүш үчүн ар бир окурмандын өзүнүн адабий даярдыгы да болушу керек деп ойлойм. Ошондуктан Кубатбек Жусубалиев ушул мезгилдин, доордун өзгөчө жазуучусу, кыргыз адабиятындагы өзүнчө этап болуп эсептелет.

Ал эми акын Рамис Рыскулов Жусубалиевдин чыгармачылыгын бир сөз менен айтуу кыйын экенин айтат:

- Жусубалиевдин чыгармаларын окуш үчүн курортко кетиш керек. Мындай окусаң түшүнбөйсүң, аны кайталап окуган сайын түшүнбөйсүң. Ошондуктан анын чыгармалары кыргыз адабиятындагы жаңылык, жаңы бир айсберг. Ал эми туулган жерде жашоо – бейиш да. Элдин көбү туулган жеринде тынч жашабайт, башка жакка тентүүгө аргасыз болот. Туулган жерде жашаган киши кедей болсо да байдай ырахатта жашайт. Кубатбек дагы өзүнүн Алайында бактылуу жашап жатат.

Кубатбек Жусубалиевдин 70 жылдык мааракесинин көркүн жазуучунун 90 жаштагы апасы Канимет эне ачты. Ал баласы мектепте окуган кезде эле таланттуу болгонун, кичине кезинде аны “жетим” деп эркелетээрин “Азаттыкка” айтып берди:

- Кичине кезинде эле ошондой ышкылуу болчу. 2-класска окуй электе эле ошол жерде иштеп жүргөн мурабдарды жамандап коюптур. Элге суу бербей томаяк кылды, эгиндерибиз суугарылбай калды деп жазган экен. Алар чоң энесине келип “жетимиң бизди жамандап жазыптыр” деп айтышыптыр. Эми ошо жетим ушунчалык киши болгонун, эй!..

- Балаңыз жазган чыгармаларды минтип көптөр окуп атат. Сиз дагы окугансызбы?

- Кайдан окуюн, мен окуганым жок. Неберелерим, кыздарым окуп берген. Сүйүнөм.

Кыргыз адабиятынын өтө сейрек таланттарынын бири Жусубалиев Алайга кетип, көптөн бери элдин көзүнө көрүнбөй койгонгобу калемдештери да, окурмандары да сагынып, бетме-бет сүйлөшкүсү келип калгандай. Каалоо-тилек, мактоо, тамаша, суроолор да болду...


Аккан сууда арам жок

Чындыкты издеген киши агат да. Ал ошон үчүн тазаланат, жүрөгү, акылы, денеси, ойлору тазаланат.
Кубатбек Жусубалиев

Мааркелик кечеге мамлекеттик жогорку даражалуу жетекчилер да катышты. Биз Жусубалиевден кыскача маек алганга үлгүрүп калдык:

- 70ке чыгып атасыз. Бул эмне экен, сезип атасызбы?

- 70 жаш деген "көтпок" жаш да, эй. Муну айрым адамдар олуттуу кабыл албайт. 70 жаш деген эмне, бул бир көз ирмем да.

- "Адам агып турбаса, сасып кетет" деп айтканыңыз бар. Сиз көп жылдан бери Алайда жашап атасыз. Бир жакка жылайын, агайын деген оюңуз барбы?

- "Адам бир жерде тура берсе, сасып кетет" дегенди кантип түшүнөсүң?

- Издениш керек деп түшүнөм.

- Эмнени издениш керек?

- Балким сиз айткан чындыкты, жаңы идеяларды болушу мүмкүн?

- Чындыкты издеген киши агат да. Ал ошон үчүн тазаланат, жүрөгү, акылы, денеси, ойлору тазаланат. Ошондуктан кыргызда “аккан сууда арам жок” деп айтат.

- Акпай токтоп калган учуруңуз болгонбу?

- Адам ар кандай болот. Ал дайым эле агып турбайт, кээде токтоп калат. Анан сасый баштаганда дагы ага баштайт.

- Көпчүлүктүн арасында жүргөнүңүздү биринчи жолу көрүп атам. Айрымдар ушундай мааракесин өзүнө атак-даңк алып келет деп өткөрөт. Айрымдары чыгармаларын рекламалайт. Сиз атак-даңкка деле көп умтулбайсыз. Анан эмнеге 70 жылдыгыңызды белгилеп жатасыз?

- Мен өткөрүп жаткан жокумун, эй. Менин оюм деле жок болчу. Мен тузакка түшкөн кекиликтей болдум да. Тузакка түшкөндөн кийин кекилик бечара эмне кылат? Кутулууга аракет кылат. Менин кутулуп аткандагы аракетим ушул.
XS
SM
MD
LG