Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Темирлан Султанбеков, Фарид Ниязов, Курсан Асанов эки айга камалды


Темирлан Султанбеков Биринчи май райондук сотунда. 2020-жылдын 12-октябры.
Темирлан Султанбеков Биринчи май райондук сотунда. 2020-жылдын 12-октябры.

5-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыктарга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда кармалган "Социал-демократтар" партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов 10-декабрга чейин камакка алынды. Мындай чечимди 12-октябрда Биринчи Май райондук соту чыгарды. Чечимге ылайык Курсан Асанов УКМКнын тергөө абагында, калгандары Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалышат.

Султанбековдун адвокаты Чынара Жакыпбекованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Темирланга “5-9-октябрдагы массалык башаламандыкты уюштуруучу” катары айып тагылган. Адвокат сот чечиминин үстүнөн кийинки инстанцияга даттанаарын айтты.

Фарид Ниязов буга чейин 2019-жылдын август айындагы "Кой-Таш окуясы" боюнча айыпталып, №1 тергөө абагында кармалып турган. Аны 6-октябрдагы массалык башаламандыктар учурунда тарапташтары келип, бошотуп алышкан.

Кой-Таш окуясы боюнча ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов да айыпталып, үй камагына алынган. Ага «тергөө үчүн маанилүү далилдерди жашырып, кийин аларды мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлерине өткөрүп берген» деген негизде айып коюлган. Мындан тышкары ага каршы дагы эки иш козголгон. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, биринчиси боюнча ИИМдин эки кызматкерин өзүнө мыйзамсыз жол менен жеке иштери үчүн жардамчы жана жансакчы кылып дайындап алгандыктан, мамлекетке 793 миң сом зыян келтирилген деп кине коюлууда. Экинчиси боюнча Асанов өзү жана өкүл баласы Турсунбек Бейшенбеков мурдагы вице-премьер Разаковду өтө оор кылмыштарга байланыштуу айыптаган жалган маалыматтарды тараткан деп айыпталууда. Асановдун үч ишин Биринчи май райондук соту бириктирип карап келаткан.

Курсан Асанов депутаттыкка талапкер катары “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесинде парламенттик шайлоого катышкан.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы тараптардын митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана аны менен кошо камалгандардын тарапкерлери аларды абактан бошоткон.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети адамды жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон.

Анын негизинде Атамбаев, жансакчылары Канат Сагынбаев, Дамир Мусакеев, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаев да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген.

12-октябрда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Канат Сагынбаев да эки айлык мөөнөткө Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилгени кабарланды. (ZKo)

XS
SM
MD
LG