Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Евробиримдик: Кыргызстанда кризисти жоюуда негизги роль президентте


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги (ЕБ) Кыргызстандын мыйзамдуу бийлиги менен кызматташа берет жана өлкөдө түзүлгөн кризисти жоюу боюнча саясий процессте негизги роль президентте экенин белгилейт. Уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 13-октябрда Биримдиктин атынан ушундай билдирүү жарыялады.

Анда кризистен чыгуунун жолу бардык күчтөрдү камтыган кеңири диалог болушу керектиги жана эркин, калыс, эл аралык нормаларга таянган жаңы парламенттик шайлоо уюштурууга шарт түзүп берүү зарылдыгы айтылды.

Ошону менен катар Евробиримдик Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антониу Гутерриштин Кыргызстандагы кырдаал боюнча билдирүүсүн толук колдой турганы белгиленди.

12-октябрда президенттик аппарат Евробиримдиктин Борбор Азиядагы өкүлү Петер Бурианга таянып, бул уюм Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековду өлкөдөгү жалгыз конституциялык бийлик жана легитимдүү институт катары тааный турганы айтылганын маалымдаган. Буриан президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү кабарланган.

БУУ Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президентти тааный турганын 12-октябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө БУУнун баш катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Герман билдирген. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин сайты жазган.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылык митингинен кийин өлкөдө башаламандык болуп, саясий кризис орноп турат.

Мөөнөтү аяктап бараткан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 10-октябрдагы кезексиз жыйыны премьер министр катары тааныган Садыр Жапаровдун тарапкерлери президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылууда. Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир бөлүгү, бир катар саясий күчтөр Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындоону легитимсиз деп жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG