Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-ноябрь, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

Жанарбек Акаев: Парламенттин спикерин шайлоо маселеси каралышы мүмкүн


Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев «Ала-Тоо» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан жыйында парламенттин төрагасын шайлоо маселеси каралышы мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, бул кызматка эки талапкердин аты аталууда. Акаев 5-октябрда аянтта айтылган талаптар күчүндө экенин, саясатчылар кайра шайлоо өткөрүү тууралуу талабынан кайтпай турганын айтты:

«Эч кимден, саясий күчтөрдүн фанаттарынан коркуп калган жокпуз. Алар менен аягына чейин күрөшөбүз. Айылдардан, аймактардан (элди) алып келип алып саясатчыларды коркутуп атпайбы, азыркыга чейин бизге СМСтерди жөнөтүп жатышат. Бирок биз Жапаровбу же башкасы болобу, кымындай да коркпойбуз».

Акаев ошондой эле «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбековдун камалышын туура эмес деп баалап, аны бошотууну талап кылды. «Султанбеков кармалса, анда ошол жерге чыккан бардык саясатчылар кармалышы керек», – деген депутат митингде Султанбековдун жанында турганын, анын Жогорку Кеңешти басып алуу, конституциялык түзүлүшкө кол салуу аракеттерин көрбөгөнүн айтты.

Акаев депутаттардын тобу менен Ички иштер министрлигине барып, Султанбеков менен жолугууга аракет кыларын кошумчалады.

Депутат өзү суракка чакырылса барарын, эч нерседен коркпой турганын айтты.

Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин саясий кризис өкүм сүрүүдө. 5-октябрда шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин акциясы массалык тополоң менен коштолгон. 6-октябрга караган түнү президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратты митингчилер ээлеп алышкан.

10-октябрда парламенттин бир катар депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, 6-октябрга караган түнү массалык башаламандыкта түрмөдөн тарапташтары бошоткон Садыр Жапаровду премьер-министр кылып тандаганы белгилүү болгон. Андан кийин уюштурулган басма сөз жыйынында Жапаров ишке расмий киришкенин жарыялады.

Парламенттеги башка депутаттар, коомдук ишмерлер, юристтер жана укук коргоочулар ал жыйынды мыйзамсыз деп эсептеп жатышат.

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG