Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:57

Бакиров: Мага коркутуу жана басым болгон жок


Мирлан Бакиров.
Мирлан Бакиров.

Жогорку Кеңештин вице-спикери, 10-октябрдагы кезексиз сессияны алып барган депутат Мирлан Бакиров өкмөттүн курамын жана программасын бекиткен токтом тууралуу «Азаттыкка» маек берди. Ал парламент коллегиалдуу чечимин бекиткен токтомго жоопкерчилик менен кол койгонун, эч ким мажбурлабаганын билдирди.

Бакиров: - Биринчиден, Жогорку Кеңештин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 10-октябрда болгон отуруму жөнөкөй кырдаалда өткөн жок. Ал өзгөчө абал мезгилинде өттү.

Экинчиден, Жогорку Кеңештин депутаттарынын күн тартибиндеги маселени кароо үчүн ошол жерге келип бергени чоң жоопкерчилик. Бул үчүн мен кесиптештериме ыраазычылык билдирем. Мындай мезгилде сыртта туруп алып сын айткан абдан оңой.

Мыйзамдык жагына токтоло турган болсок, Мыктыбек Юсупович (Абдылдаев - ред.) ошол учурда төрага катары кворум бар деп жарыялап, Жогорку Кеңештин жыйынын ачты. Ал Кыргызстандагы дасыккан юристтердин бири. Башкы прокурор болгон, депутат болуп иштеп жатат. Ошондуктан ал киши мыйзамдын нормаларын көпчүлүк депутаттарга караганда мыкты билет десем жаңылышпайм.

Кворум маселеси боюнча Мыктыбек Юсупович өзү толугураак жооп берет деп ишенем. Ал сессияны ачып, ошондон кийин гана төрагалык милдетин тапшырып, орун басары катары мага өткөрүп берди. Ал протоколго түштү.


Ал эми мен төраганын орун басары катары күн тартибинде коюлган эки маселени депутаттардын кароосуна койдум. Ар бир маселе боюнча добуш берүү камсыздалып, жыйын электрондук добуш берүү жок болгондугуна байланыштуу ачык добуш берүү тартибинде өттү.

Жогорку Кеңештин аппараты кабыл алган токтомдорду кайрадан иштеп чыгып, оңдоп-түздөп, юридикалык жагын жалпы бөлүм, экспертизалык бөлүм карап, колдорун коюп келгенден кийин ошол отурумду алып барган төраганын колун коюп берүү менин милдетим болду.

«Азаттык»: - Вице-спикер Аида Касымалиева «токтомдорго мажбурлап кол койдурушту, сиздин ага кол койгонуңуз кылмыш ишин ачууга негиз боло алат» деген пикирди да айтты. Буга эмне дейсиз?

Бакиров: - Менин аракетимди кандайдыр бир кылмыш ишине негиз берет деп айтып, коркуткандык азыркы мезгилде туура эмес. Бул жалпы коллегиалдуу чечим. Мен коллегиалдуу чечимге кол койдум. Мага коркутуу-үркүтүү жана башка басым болгон жок. Мындай учурда биз, Жогорку Кеңеш жоопкерчиликти алууга милдеттүүбүз.


«Азаттык»: - Садыр Жапаров «Ала-Арчадагы» жыйында президент Сооронбай Жээнбеков эки-үч күндө арызын жазып бергенге даяр деп айтты. Өзү арыз жазбаса, импичмент болот деди. Президент кызматтан кетиши керекпи?

Бакиров: - Бүгүнкү күндө бийликте дагы бир вакуум жаратууга негиз жок. Кайрадан парламенттик шайлоо өткөнгө чейин, өкмөт толук иштей баштаганга чейин президент кетем деген оюнан кайтып турушу керек. Ар бир шайлоо социалдык абалга, экономикага, саясий кырдаалга таасир этет. Ошондуктан араң-араң өзүбүзгө келип жатканда «президент кетиш керек» деген пикирди жаратуу менин жеке оюмда туура эмес.

Бүгүнкү күндө легитимдүү бийлик бутагы - президент жана парламент. Биз шайлап берген өкмөттүн курамы боюнча президенттин жарлыгы чыга элек. Жарлык чыгып, ант бергенден кийин өкмөт толуккандуу өкмөттүн курамы болуп эсептелет.

«Азаттык»: - Садыр Жапаров митингчилердин алдында сүйлөгөндө Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов камалат деп айтты. Ал эми 10-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы сөзүндө Матраимовду укук коргоо органдары издеп жатканын билдирди. Жапаровдун Райымбек Матраимов боюнча айтканына кандай карайсыз?​

Бакиров: - Мен бул нерсе эмнеге негизделгенин билбейм. Эгерде укуктук кандайдыр бир маселе болсо анын баары укуктук талаада каралышы керек. Ошондой эле ар бир жаран укугун коргоого акылуу жана милдеттүү. Мен анын ой пикирин билбейм. Анткени мен өкмөттүн мүчөсү эмесмин.

Редакциядан: Кыргызстанда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун эртеси күнү Бишкекте анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын митинги өткөн. Ошол түнү президенттин аппараты жана парламент жайгашкан имаратка митингчилер кирип барышкан. Ошондон бери парламенттин бир катар депутаттары эки жолу – 6-октябрда жана 10-октябрда жыйынга чогулду. Экөөндө тең 6-октябрга караган түнү башаламандык учурунда абактан бошотулган мурдагы депутат Садыр Жапаров премьер-министр болуп тандалганы айтылды.

Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын 10-октябрдагы кезексиз жыйынында парламент төрагасынын милдетин аткаруучу болгон депутат, вице-спикер Мирлан Бакиров өкмөттүн жаңы курамын жана программасын бекиткен токтомго 12-октябрда кол койду.

Айрым депутаттар бул жыйындар регламентти бузуу жолу аркылуу өткөнүн айтып, аны легитимсиз деп эсептешүүдө. Жапаровдун тарапташтары мыйзам бузулду дегенге макул эмес жана президент Сооронбай Жээнбековду кызматын өткөрүп берүүгө чакырып жатышат.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында иштеп жатканы кабарланган.

XS
SM
MD
LG