Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Жээнбеков жана Жапаров Орусия президентинин өкүлү менен жолугушту


 Дмитрий Козак
Дмитрий Козак

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте Орусиянын президенти Владимир Путиндин администрация башчысынын орун басары Дмитрий Козак менен жолугушту. Бул тууралуу президентке караштуу расмий president.kg сайты 13-октябрда жазып чыкты.

Маалыматта өлкөдө түзүлгөн коомдук-саясий кризистин биринчи күндөрүнөн тартып Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен бир канча жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнү айтылат.

Ошондой эле Кыргызстан менен Орусия стратегиялык өнөктөштөр экени, ЖККУ, ЕАЭБ, КМШ жана ШКУ уюмдарына мүчө экени белгиленген.

Президенттин сайтындагы маалыматта орус тарап Кыргызстанда учурдагы кырдаал башталгандан бери тынчсыздануусун билдирген жана абалды жөнгө салуу боюнча жардам сунуштаганы да белгиленген.

Маалыматта Козак орус президенти Путиндин тапшырмасы менен келгени, жолугушууга Садыр Жапаров да катышканы белгиленген.

Бул кездешүүдө эмне сөз болгону, кайсы маселе талкууланганы тууралуу маалымат берилген эмес.

XS
SM
MD
LG