Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:48

Парламент төрагалыгына Канатбек Исаевдин талапкерлиги каралууда (видео)


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясы лидери Канатбек Исаевдин талапкерлигин спикерликке көрсөттү. Бул сунушту бардык фракциялар колдоп, башка сунуш түшкөн жок. Депутаттар талапкерди адегенде бириккен комитетте карап, андан кийин жалпы сессияга чыгарышты. Жыйындын жүрүшүндө депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып Исаев парламенттик кайра шайлоого катышуу ниетин билдирип, ал жагдайга жараша чечилерин белгиледи:

«Балким, блок-блок болуп партиялар биригет. Баягы күнү бир топ депутаттар отурдук, «биргелешип шайлоого кетпейлиби» деп. Өзүм жеке чечим кабыл албайм. Партиянын саясий кеңеши бар».

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү чогулуп, Дастанбек Жумабековду спикерликтен бошотуп, анын ордуна Мыктыбек Абдылдаевди шайлаган. Абдылдаев бул кызматка дайындалышынын «мыйзамдуулугу шек жаратып жатканы үчүн» 10-октябрдагы кезексиз жыйында баш тартып, милдетти «легитимдүү вице-спикер» деп башкарууну Мирлан Бакировго өткөрүп берген.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты партия Бишкекте митинг өткөргөн. 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик аппарат жана парламент жайгашкан имаратка кирип барышкан. Бул окуядан кийин президент ишин улантууда, өкмөттүн жетекчилиги кызматтан кетти. Жаңы өкмөттү дайындоо аракети боюнча орток пикир табыла элек. (BTo/RK)

XS
SM
MD
LG