Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Омскиде Навальныйды дарылаган врач кызматынан кетти


Анатолий Калиниченко.
Анатолий Калиниченко.

Омскинин «Тез жардам» ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары, Алексей Навальный уулангандан кийин дарылаган врач Анатолий Калиниченко кызматынан кетти. Бул тууралуу «Сибирь. Реалии» сайты жазды.

Анатолий Калиниченко бул ишинен кетүүнү мурдатан ойлоп жүргөнүн, бирок пандемия шартында кете албай калганын билдирген. Дарыгер жеке ооруканага ишке орношуп жатканын маалымдаган.

Калиниченко Омскинин «Тез жардам» ооруканасында саясатчы, оппозиционер Алексей Навальныйды дарылаган жана Германиядагы врачтар менен сүйлөшүүгө жардам берген. Кийинчерээк бул ишти оорукананын башкы дарыгери Александр Мураховский өзүнө алган. Ал журналисттерге Навальныйдын абалы «тамак сиңирүү процесси бузулганы үчүн оор болуп жатканын» айткан жана аны Берлинге которуу маселесин бир нече күн чечпей койгон. Навальныйдын жакындары Мураховскийди уулануунун изин жашырууга аракет кылган деп айыптап жүрүшөт.

Жакында эле Мураховский оорукананын жетекчиси болуп дайындалган. Саламаттык сактоо министрлиги ал «ийгиликтүү жетекчилик тажрыйбасы болгону үчүн» жана «чарбалык иштерди мыкты аткарганы үчүн» кызматынан көтөрүлгөнүн билдирүүдө.

Орус президенти Владимир Путиндин элдешкис оппоненти атыккан Алексей Навальный 9-августта Томск-Москва учагында өзүн жаман сезип, эсин жоготкон. Учак чукул Омскиге конуп, Навальный «Тез жардам» ооруканасына жаткырылган. Анын ууланганын айтышкан жакындары Навальныйды чет мамлекетке которууну талап кылышып, бир нече күндөн кийин ал Берлиндеги «Шарите» ооруканасына которулган.

Эл аралык лабораториялар Алексей Навальный күчтүү уу зат менен ууландырылганын айтып чыгышкан. Оппозиционер өзү мунун артында президент Путин турганын эсине келген соң билдирген.

Кремль булардын баарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG