Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-декабрь, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Кипр инвестиция үчүн жарандык берүүнү токтотот


Кипрдин паспорту.

Кипрдин бийлиги инвестиция үчүн жарандык берүү программасын токтоторун жарыялады. Маалыматка ылайык, октябрдын аякташы менен программа жабылат.

Евробиримдиктин курамына кирген бул өлкөнүн жарандыгын алыш үчүн 2,2 миллион евродон жогору инвестиция салуу жетиштүү болчу. Мындай жол менен жарандык алгандардын миңден ашууну орусиялыктар экени айтылган.

Программа токтотулары тууралуу Кипрдин президентинин «Твиттердеги» расмий баракчасына жарыялады. Анда программа Финансы министрлиги менен Ички иштер министрлигинин сунушуна ылайык токтотулуп жатканы тууралуу жазылган.

2019-жылдын ноябрь айына карата Кипрдин жарандыгын 4000 чет өлкөлүк адам алган. Быйыл август айында «Аль-Жазира» телеканалы иликтөө жүргүзүп, Кипр жарандыгын алган 2,5 миңден ашуун адамдын тек-жайын аныктаган. Анын жарымына жакыны орусиялыктар болуп чыккан. «Аль-Жазиранын» иликтөөсүндө Кипр паспортун алгандардын басымдуу бөлүгү акчаны кылмыштуу жол менен тапканы тууралуу жазылган.

Кипрдин бул программасын Евробиримдик сындап келген. Биримдиктин лидерлери сатылган паспорттор чет өлкөлүк жарандарды салык төлөөдөн качууга түртүп, коррупцияны көбөйтөрүн белгилешет.

Кипрдин бийлиги мындай айыптоолорду четке кагып, бул программа мамлекетти банкроттуктан сактап калганын, ал эми мыйзамсыз инвестиция үчүн паспорт алынган учурлар иликтенип, аныкталса, жарандык жокко чыгарыларын айтып келет.

XS
SM
MD
LG