Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Депутат Акаев премьер-министр Жапаровду тарапкерлерин тыюуга чакырды (видео)


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин премьер-министрди шайлоо үчүн чогулган 14-октябрдагы кезексиз сессиясында депутат Жанарбек Акаев талапкер Садыр Жапаровго кайрылып, өкмөткө сын айткан оппозициячыл саясатчыларды куугунтуктабай, алардын сынына көңүл буруп иш алып барууга чакырды.

«Бүгүн биз сизге кемчиликтерди ачык айтып, ката кетирсеңиз көзүңүзгө сайын көрсөтүп турушубуз керек. Оппозиция сөзсүз керек. Сын айтып койгон адамды куугунтуктагандардын тагдыры эмне болгонун билесиз. Эгер сиз туура иштеп, өлкөдө өнүгүү болсо, биз сизди кош колдоп колдоого даярбыз. Бирок кемчилик кетирсеңиз аны сындап турушубуз керек. Мактап-мактап, жардан ары түртүп тургандардан абайлашыңыз керек. Туруктуулук үчүн биз сизди колдоп беребиз. Эми легитимдүү премьер-министр болосуз. Азыр көпчүлүк эл сизди колдоп турат. Муну тана албайбыз. Ошол эле убакта көчөгө 20 миңдеген жаштар, эл, 13 саясий партиянын өкүлдөрү, саясий күчтөр чогулуп, калыстыкты талап кылып чыкпаганда, сиз азыр түрмөдө болот элеңиз. Ошолорду душман көрбөңүз», - деген Жанарбек Акаев окуяда жаракат алган миңден ашык адамга компенсация берүү маселесин кароого үндөдү.

Садыр Жапаров компенсация маселеси каралып жатканын билдирди.

Мындан тышкары Жанарбек Акаев Садыр Жапаровду тарапкерлерине кайрылып, ар кандай радикалдуу коркутуп-үркүтүүнү токтотууга чакырды.

«Мына, Аида Камчыбековна (Касымалиева - ред.) туура маселени айтты. Сиз бүгүнтөн калбай тарапкерлериңизге кайрылып, «менин ишимди сындап аткандар болсо аларга калыс мамиле кылгыла, ар кандай радикалдуу күчтөр менен коркуткан туура эмес» деп, өзүңүздүн сөзүңүздү айтып койсоңуз, саясий күчтөр да, баары ыраазы болот эле», - деди.

Садыр Жапаров сын айткандарды колдой турганын билдирип, «туура эмес кылсам сындагыла, сын айткан сайын адам түзөлөт» деп жооп берди.

Жогорку Кеңеш 14-октябрдагы кезексиз сессиясында Жапаровду Кыргызстандын өкмөт башчысы кылып шайлады.

Ал 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына карата нааразылык акциясы жапырт тополоң менен коштолгон 6-октябрга оогон түнү түрмөдөн бошотулган.

Садыр Жапаровдун тарапкерлерибиз дегендер анын дарегине сын-пикир айткан саясатчыларды, буга чейин аны премьерликке шайлоо боюнча кезексиз сессияларда кворум чогулбай калганы тууралуу маселени көтөрүп чыккандарды жана бул тууралуу жазган маалымат каражаттарын, журналисттерди коркуткан, опузалаган ар кандай билдирүүлөрү жазып, айтып келатышат.

14-октябрдагы сессияда вице-спикер Аида Касымалиева да өз дарегине опуза билдирүүлөр түшкөнүн айтып, Садыр Жапаровду мындай көрүнүштөрдү тыюуга чакырды. (NT)

XS
SM
MD
LG