Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:04

Жаңы өкмөт башчы коррупцияны ашкерелеген журналисттерге колдоо көрсөтүү убадасын берди


Садыр Жапаров, премьер-министр.
Садыр Жапаров, премьер-министр.

Премьер-министр Садыр Жапаров коррупцияны ашкерелеген журналисттерге мамлекеттен колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Бүгүн, 14-октябрда өкмөт башчылык кызматка дайындалгандан кийинки алгачкы пресс-конференциясында кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып ал коррупция тууралуу жазгандардын жардамына муктаж экенин айтты:

“Мага жардамыңар керек болот коррупциялык элементтерди иликтеп чыксаңыздар. Бирок реалдуу түрдө, адилеттүүлүк менен. Эптеп эле бурмалап, жокту бар кылып койбостон, бардык фактылар менен алып келсеңиздер, маселени ачсаңыздар ал иликтөөсүз жана жазасыз калбайт. Сиздер, журналисттер көп нерсени билесиздер. Сөзсүз реакция кылам. Эгер өмүрүңөргө коркунуч болсо мамлекеттин эсебинен кайтаруучу бөлүп бергенге даярмын”.

Быйыл коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт.

Президент Жээнбеков быйыл 29-августта «Биринчи радиодогу» маегинде коррупцияга каршы күрөштө чоң же майда коррупция деп бөлүүгө болбой турганын, ууруга уурудай мамиле кылыш керек экенин белгилеген.

Коомчулукта өлкө жетекчилигинин жемкорлукка каршы күрөш тууралуу айткандары ишке ашпай жатканы жөнүндө пикирлер айтылып келатат.

Садыр Жапаров 6-октябрга караган түнү Бишкекте башталган саясий башаламандык учурунда түрмөдөн бошонуп чыккан. Ал мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, бийлик өкүлүн барымтага алган» деген негизде кармалып, кийин 10 жылга кесилген. Өзү бул кылмыш ишин «саясий буюртма» деп атаган.

14-октябрда парламент аны премьер-министр кылып тандап, бул чечимди президент жарлыгы менен бекитти. (RK)

XS
SM
MD
LG