Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:49

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды


Кеңешбек Дүйшөбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы.
Кеңешбек Дүйшөбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалганын 15-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин расмий president.kg сайтында жарыяланган маалыматка караганда, Дүйшөбаевди Коопсуздук кеңешинин катчысы кылып дайындоо тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

2018-жылдан бери Коопсуздук кеңешин жетектеп келген Дамир Сагынбаев президенттин жарлыгы менен 10-октябрда кызматынан бошотулган. 5-6-октябрдагы тополоңдон кийин Коопсуздук кеңешинин катчысынын милдетин аткарып турган орун басары Өмүрбек Суваналиев да 10-октябрда кызматынан бошотулган.

Кеңешбек Дүйшөбаев 2010-жылкы апрель ыңкылабынан кийин Коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти башкарган. (NT)

XS
SM
MD
LG