Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:30

Мамкаттоо: Жарандын улуту паспорттун бетине эгер ал өзү кааласа жазылат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жарандын улуту паспортунун бетинде эгер ал өзү кааласа гана көрсөтүлөт. Бул тууралуу 16-октябрда Мамлекеттик каттоо кызматы кабарлады.

Мекеменин маалымат кызматы билдиргендей, мындан ары «улут» графасы паспорттун сыртына жарандын каалоосу болсо жазылат.

Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү ички паспорт (ID карта) 2017-жылы бериле баштаган. Анда жарандын улуту тууралуу маалымат картанын бетине эмес, ичиндеги электрондук чипте көрсөтүлөт. Ага чейинки үлгүдөгү паспортто улуту ачык жазылчу.

Жаңы эрежеге каршы түзүлгөн «Улутуңду унутпа!» кыймылы 2017-жылдын 3-июлунда Жогорку соттун Конституциялык палатасына улуттук паспортко жарандын улутун көрсөтүп жазууну талап кылган арыз берген. 15-октябрда Конституциялык палата өкмөттүн №197 токтому менен бекитилген ID карта жөнүндөгү жобону карап чыгып, «Этностук таандыгы тууралуу маалымат ачык текст түрдө көрсөтүлбөй, электрондук чипте камтылышы Конституциянын 38-беренесине карама-каршы келет» деген бүтүм чыгарган.

Премьер-министр Садыр Жапаров да 15-октябрдагы басма сөз жыйынында ID картага улут графасы кайра киргизилерин билдирген.

Өкмөттүн тапшырмасы менен ID картага «улут» графасын киргизүү иши башталганы, буга бюджеттен кошумча акча же жаңы жабдык талап кылынбасы жана ишти толук жыйынтыктоо үчүн жалпысынан 90 күндөй убакыт талап кылынары, себеби Тышкы иштер министрлиги аркылуу мыйзамдаштыруу иштери жүргүзүлөрү кабарланды. (RK)

XS
SM
MD
LG