Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:00

БШК кайра шайлоону 20-декабрда өткөрүүнү сунуштады


4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо.
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоо.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик шайлоодон кийин добуш берүүнүн жыйынтыгын 2020-жылдын ичинде чыгарып жетишиш үчүн шайлоону 20-декабрга белгилеш керек деп эсептейт.

Боршайком андан тышкары Жогорку Кеңешке шайлоо дайындалганга чейин парламентке өтүү үчүн шайлоо босогосун жана күрөөнү түшүрүү, №2 форма тартиби менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгаруу боюнча өзгөртүүлөрдү кыска мөөнөттө карап чыгууну сунуш кылды.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына каршы 5-октябрда башталган нааразылык митинги башаламандыкка айланып, Кыргызстанда бийлик алмашты. Тополоңдон кийин БШК 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Азыр бир катар саясий партиялар шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү керектигин талап кылып жатышат. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери боюнча комитети 16-октябрдагы жыйында шайлоо мыйзамына сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү биринчи окуудан өткөрдү.

Депутаттар негизинен шайлоо босогосун жети пайыздан үч пайызга төмөндөтүүнү, беш миллион сомдук күрөөнү бир миллион сомго чейин азайтууну жана №2 форма тартиби менен добуш берүү ыкмасын жокко чыгарууну сунушташкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG