Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:30

Түркияда эки кыргызстандык жасалма акча, баңгизат менен кармалганы кабарланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Анталиянын шаардык прокуратурасы кыргызстандык эки жаранды камакка алды. Түркиялык «Ихлас» маалымат агенттигинин жазганына караганда, 18-октябрда Анталия шаарына караштуу Серик районунда кыргызстандык эки жаран колдонуп жүргөн автоунааны полиция текшерип, операция учурунда автоунаадан жасалма 4, 400 доллар, 5000 лира жана сегиз куту баңгизат табылган.

Кармалган шектүүлөр Анталия шаардык прокуратурасы суракка алгандан кийин камалды. Кармалгандардын тек жайы, коюлуп жаткан айыптар тууралуу жактоочуларынан жана жакындарынан маалымат алуу мүмкүн боло элек.

Болжолдуу маалыматтарга караганда кармалгандарга карата Түркиянын Жазык кодексинин 197-беренеси колдонулушу мүмкүн. Анда эки жылдан он эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. (ElB)

XS
SM
MD
LG