Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кириллицадан латын арибине толугу менен өтүү процессин тездетүүнү көздөгөн жарлык чыгарды. Өзбек тилин өнүктүрүү чаралары жөнүндөгү жарлыкка ылайык, өкмөткө үч ай ичинде жумуш тобун түзүп, бул багытта жол картасын иштеп чыгуу тапшырылды. Документте каржылоонун булактары жана көлөмү так көрсөтүлүшү керек.
Мирзиёев ушул эле жарлык менен өзбек тилин өнүктүрүү жана 2020-2030-жылдарга карата тил саясатын жакшыртуу концепциясын да бекитти. Документке ылайык, 2030-жылга чейин бала бакчалардын 80% өзбек тилине өтүп, өзбек тилин окутуу жумасына 84 сааттан 110 саатка чейин көбөйүшү керек. Мындан тышкары чет өлкөлүктөргө өзбек тилин окутуу боюнча программа түзүлөт.
2019-жылы майда тилчилер латынчага негизделген өзбек арибинин жаңыртылган добоорун сунуш кылышкан. Жаңы алфавитте 30 белги, 29 тамга жана ажыратуу белгисин аныктоочу апостроф бар.