Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:53

Текебаев: Президенттик шайлоо 10 же 17-январда өтөт, парламенттик шайлоо мөөнөтү өзгөрүшү ыктымал


Өмүрбек Текебаев. Архивдик сүрөт.
Өмүрбек Текебаев. Архивдик сүрөт.

Кыргызстанда президенттик шайлоо келерки жылдын 10-январында же 17-январында өтөт, ал эми Боршайком 20-декабрга белгилеген парламенттик кайра шайлоонун мөөнөтү өзгөрүшү ыктымал. Парламентке ушундай сунуш түшкөнүн 22-октябрда «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралууда.

«Ошол сунушту мен бир гана шарт менен колдодум – бүгүнкү парламенттик башкаруу системасы сакталып калышы керек, бирок өкмөт жана премьер-министр күчөйт, президент өзүнүн ыйгарым укугун жоготуп, аксакалга айланат, аны эл эмес, шайлоочулар коллегиясы шайлайт. Бизге өкмөттөн жана кээ бир фракциялардан сунуш түштү. «Кыргызстанда акча жок, экономикалык кризистебиз, пандемиянын экинчи толкуну келип олтурат, өлкө саясий туруктуулук жолуна түшө элек, эки шайлоо бир убакытта өтсө, ар бирине 500 миллион сом кетет, эл шайлоо системасынын кээ бир жоболоруна нааразы болгондуктан аны өзгөртпөй туруп шайлоо өткөрүү да элдин пикирин эске албагандык болот» деп, «парламенттик шайлоону жазга чейин жылдырып, ага чейин Конституциянын кээ бир жерлерине өзгөртүү, түзөтүүлөрдү киргизсек» деген сунуш түштү», - деди ал.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң Борбордук шайлоо комиссиясы анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. Азыр президенттин милдетин өкмөт башчы аткарууда. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG