Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Парламенттик кайра шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин өтөт


Кыргызстандагы шайлоолордун бири.
Кыргызстандагы шайлоолордун бири.

22-октябрда парламент Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө “Конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” конституциялык мыйзамды кабыл алды. Мыйзам долбоорун 83 депутат колдоп берди. Аны парламентке депутат Акылбек Жапаров алып чыкты.

Мыйзам долбоорунда «Конституциялык реформа, Кыргыз Республикасынын Конституциясына киргизиле турган өзгөртүүлөр 2021-жылдын 10-январына чейин аякташы керек» экендиги белгиленген. Ал эми Жогорку Кеңештин кайра шайлоосун «конституциялык реформадан соң 2021-жылдын 1-июнуна чейин өткөрүү» сунушталган.

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун аягы чуу менен коштолуп, анын баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган. Азыр президенттин милдетин премьер-министр аткарып жатат, парламенттин мөөнөтү аяктап баратат. Борбордук шайлоо комиссиясы 21-октябрда парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген болчу.

Бейшембиде Жогорку Кеңеште Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүп алып, андан кийин парламенттик шайлоону уюштуруу тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыкканы белгилүү болду. Анын демилгечилери Кыргызстандын 4-октябрдагы окуядан кийинки коомдук-саясий абалын, экономикалык оор кырдаалын жүйө келтирип жатышат.

XS
SM
MD
LG