Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Иран менен Орусия АКШнын шайлоого байланыштуу дооматын четке кагышты


Иллюстрациялык сүрөт.

Иран менен Орусия АКШдагы 3-ноябрда өтүүчү «президенттик шайлоого кийлигишти» деген маалыматтарды четке кагышты. Иран бийлиги Кошмо Штаттардын кызыкчылыгын коргогон Швейцариянын элчисин чакыртып, Америка тараптын билдирүүсүн «негизсиз» деп атады. Ирандын Бириккен Улуттар Уюмундагы миссиясы да Тегеран «башка өлкөлөрдүн шайлоосуна кийлигишпей турганын» белгиледи. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да АКШнын чалгын кызматтарынын маалыматы «эч нерсеге негизделбегенин» билдирди.

21-октябрда Кошмо Штаттардын Улуттук чалгын башкармалыгынын башчысы Жон Рэтклифф Иран жана Орусия АКШдагы президенттик шайлоонун алдында коомдук пикирге таасир этиш үчүн америкалык шайлоочулар тууралуу маалыматтарды топтогонун билдирген. Анын айтымында, Иран айрым америкалык шайлоочуларды коркутуу, башаламандык жаратуу жана президент Дональд Трамптын кадыр-баркына доо кетирүү максатында жалган маалымат камтылган электрондук каттарды жөнөтүп турган. «Proud Boys» аттуу ашкере оңчул топтун атынан келип жаткан түр көрсөтүлгөн ал каттарда «эгер Трампка добуш бербесеңер, силердин артыңардан түшөбүз» деген сыяктуу опуза болгон.

Жон Рэтклифф Орусиядан мындай опуза болбогонун, бирок орус тарап да шайлоочулар тууралуу маалымат топтогону ырас экенин белгилеген эле.

XS
SM
MD
LG