Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:52

Эдвард Сноуден Орусияда туруктуу жашоого уруксат алганы кабарланууда


Эдвард Сноуден.
Эдвард Сноуден.

АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуден Орусияда туруктуу жашоого уруксат алганы кабарланууда. Бул тууралуу ТАСС жана РИА «Новости» сыяктуу орусиялык мамлекеттик маалымат агенттиктери Сноудендин адвокаты Анатолий Кучеренага шилтеме кылып жазып чыгышты. Анда Кучерена Сноудендин орус паспортун алуу ниети жок экенин билдирген. Ошондой эле Сноуденге Орусияда убактылуу жашоого берилген уруксат быйыл апрель айында бүткөнүн, аны узартуу процесси коронавирус пандемиясынан улам кийинкиге жылдырылып келгенин кошумчалаган.

Америкалык атайын кызматтын келишим боюнча иштеген мурдагы кызматкери Сноуден 2013-жылдын жайында АКШ менен Британиянын купуя маалыматтарын Интернетке жарыялап жибергенден кийин мекенинен качып кетип, Орусиядан убактылуу башпаанек тапкан. Ага Кошмо Штаттарда тыңчылык боюнча айып коюлган. Мындай айыптар менен Сноуден АКШда 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Буга чейин президент Дональд Трамп Сноуденге ырайым бериши мүмкүн экенин ишарат кылган. Ошондой эле Сноуден Франциядан баш калка сураган.

XS
SM
MD
LG