Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:19

Пандемияда кыргызстандык 84 медицина кызматкери каза болду


Коронавирус пандемиясы башталгандан бери Кыргызстанда илдетти жуктуруп алган 84 медицина кызматкери каза болду.

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова 23-октябрда «Азаттык» радиосуна билдирди.

Арасында мамлекеттик жана жеке бейтапканаларда иштеген дарыгерлер, орто жана кичи кызматкерлер да бар.

Каза болгондордун арасынан 24 кишинин жакындарына өкмөттөн миллион сомдон кенемте төлөндү. Башкаларына төлөө жагын атайын комиссия карап жатат.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 3566га жетти, алардын ичинен 3228и айыкты.

«Эл аралык мунапыс» уюму («Amnesty International») пандемия маалында Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин укуктары одоно бузулганы тууралуу 25-сентябрда баяндама жарыялаган.

Коронавируска каршы республикалык штабдын 23-октябрдагы маалыматына ылайык, өлкөдө бул дартка кабылгандар марттан бери 54 588 кишиге жетти. Алардын 47050сү айыгып, 1126 бейтап көз жумду.(SE)

XS
SM
MD
LG